КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Компетенттүү кадрларды даярдоо

Республикада эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борбору студенттерди дистанттык окутууга өттү. Сабактар онлайн режиминде ZOOM жана WhatsApp тиркемелеринин жардамы менен өткөрүлүп жатат.

Ошентип, 2020-жылдын башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин, 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунда 302 кызматкерлер жана талапкерлер билим алышты, алардын ичинен:

147 кызматкер квалификациясын жогорулатуу курстарын аякташты;

139 талапкер алгачкы окууну аяктаган;

Жумуш категориясы боюнча жогорудагылардын ичинен:

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадр кызматынын кызматкерлери - 18;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин кеңсе жетекчилери - 25;

- Күжүрмөн жана кызматтык даярдыктын кызматкерлери - 17;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун окутуучулар жамааты - 14;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин коргоонун инженердик техникалык каражаттарынын инспекторлору - 16;

Дистанттык окутууну аяктаган талапкерлер:

- кенже башкаруучу курамдагы кызмат ордуна талапкерлер - 51;

- офицердик кызмат ордуна талапкерлер - 7;

- ыкчам жана коопсуздук кызматынын башчылары - 21;

- офицердик кызмат ордуна жана кенже башкаруучу курамга талапкерлер - 33;

- диний экстремисттик топторго дайындалган ыкчам кызматтын кызматкерлери –16;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин режим жана көзөмөл бөлүмүнүн контролерлору - 20;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун окутуучулар жамааты - 16;

- офицердик кызмат орундарына жана кенже башкаруучу курамга талапкерлер -48.

2020-жылдын 7-сентябрынан 25-сентябрына чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунда кенже башкаруучу курамдагы кызмат ордуна талапкерлер үчүн 30 кишиден жана офицердик кызмат ордуна талапкерлер 18 кишиден турган, бардыгы болуп 48 адамдан турган үч жумалык аралыктан окутуу курсу өтүп жатат.

Жыйынтыктоочу текшерүү 2020-жылы 25-сентябрда өткөрүлүп, сабактар боюнча экзамендер жана тесттер кабыл алынат.

Окуу борборунун окутуучулары билим берүү процессинде төмөнкү сабактар боюнча сабак өтүштү:

Атайын дисциплиналар бөлүмү:

- КР жазык аткаруу тутумундагы түзөтүү мекемелеринде режимди жана көзөмөлдү уюштуруу;

- өзгөчө кырдаалдарда жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин иши;

- КР жазык аткаруу тутумундагы түзөтүү мекемелеринде коопсуздукту камсыз кылуу;

- КР жазык аткаруу тутумундагы түзөтүү абактарынын, тергөө изоляторлорунун жана түрмөлөрүнүн ишинин өзгөчөлүктөрү;

- соттук-медициналык экспертиза;

- КР жазык аткаруу тутумунун ишинин укуктук уюштуруу негиздери; Пробация. Максаттары, милдеттери, түрлөрү. Кыргыз Республикасында соттолгондорду коомго кайрадан калыптануусунун концепциясы;

Гуманитардык жана укуктук дисциплиналар бөлүмү:

- Адам укуктары;

- Жазык мыйзамы;

- Конституциялык мыйзам;

- Кылмыш-жаза мыйзамдары;

- Кызматык абалын кыянаттык менен пайдалануудагы коррупциялык кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарына ылайык мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар түшүнүгү;

- КР Жазык аткаруу тутумунун түзүлүш тарыхы;

- Дин таануу;

- Конфликтология;

- Психология жана педагогика;

Күжүрмөн жана дене тарбия кафедрасы:

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартип уставы;

- Биринчи медициналык жардам көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кесиптик ишинин негиздери;

- КР жазык аткаруу тутумундагы коопсуздук жана коштоо;

- Өрткө каршы машыгуу;

Убакыт кыскаргандыгына жана окутуу форматы өзгөргөндүгүнө байланыштуу ZOOM тиркемесинин талаптарына ылайык лекциялар кайрадан иштелип чыгып, өткөрүлгөн материалдар боюнча лекциялар, презентациялар, тезистер, анкеталар жана тесттер WhatsApp тиркемеси аркылуу бардык талапкерлерге күн сайын жөнөтүлүп турду.

Эске салсак, өлкөдө карантиндик иш-чаралар киргизилгенине карабастан, кызматкерлерди жана талапкерлерди окутуу процесстери аралыктан активдүү уланууда.

2020-09-22 15:06:27

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ