КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Жаңы төрага дайындалды

Ички кызматтын полковниги Эгембердиев Аскат Раимжанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2020-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Жапаров кол койгон. 

Буга чейин А. Эгембердиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген. 

Аскат Раимжанович 1968-жылы Бишкек шаарында туулган, жогорку билимдүү. 1987-жылдын 26-июнунан 1989-жылдын 30-майына чейин милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөп, 1993-жылдын 30-ноябрынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган. 

 Ал Жаза аткаруу тутумунда 1996-жылдан бери кызмат өтөп, ар кандай кызматтарды аркалап келген.

2020-10-15 09:23:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ