КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Ардагерлер жаңы төраганы куттукташты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ардарерлери аталган кызматтын жаңы төрагасы, ички кызматтын полковниги Аскат Эгембердиевди жаңы кызмат орду менен куттукташты. Алар жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалап, бир катар сунуштарын айтышты. 

Өмүр бою бул тармактын жүгүн аркалап келген ардагерлер азыр дагы анын тагдырына кайдыгер эместигин билдиришип, анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуу тилектери бар экенин айтышты. Алар бир кезде жоюлуп кеткен ардагерлер кеңеши акыркы жылдары кайра уюшулуп, жигердүү аракеттер жүрө баштаганын билдиришти жана мындан кийин дагы байланышты чыңдоону өтүнүштү. 

Ардагерлер ошондой эле, Жазык аткаруу тутумунун музейин ачуу идеясын, бир кезде алдырып жиберген жазык аткаруу тутумуна тиешелүү эс алуу жайды кайтаруу маселесин көтөрүшүп, системаны дагы оңдоо үчүн кандай аракеттерди жүргүзүү керектиги боюнча ойлорун ортого салышты.  

Аскат Эгембердиев өз кезегинде ардагерлерге ыраазычылыгын айтып, алар сунуштаган маселелер боюнча өзүнүн оюн билдирди. Ал ошондой эле, буга чейин төраганын биринчи орун басары милдетин аркалагандыктан, ЖАМКда жасалган жакшы иштер, келечекте жасала турган иштердин планы тууралуу маалымат берди.

2020-10-22 12:26:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ