КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кылмышка бөгөт коюлду

2021-жылдын 18-январында, саат 17:30 чамасында, белгисиз адамдар 08 KG 689 AFR мамлекеттик номерлүү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаада, баңги затын Чүй облусунун Беловодское айылындагы №16 түзөтүү мекемесинин аймагына өткөрүүнү көздөгөн.

Бул факт боюнча окуя болгон жерде Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу иштеп, тасмага оролгон таңгакты табышкан. Табылган таңгакты ачканда, салмагы 20 граммды түзгөн, уксус өзгөчө маңызынын жыты бар боз-ак түстөгү зат аныкталды.

Колониянын кызматкерлерин байкаган жогоруда аталган унаа окуя болгон жерден Бишкек тарапка качып кетүүгө аракет кылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам кызматкерлери дароо райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматтарына кабарлашкан. Военно-Антоновка айылындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам бөлүмү, аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган унаа Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан токтотулган. 

Бул унаада 1994-жылы туулган М.У.Э., Р.у.Н., 1996-жылы туулган А.А., 1994-жылы туулган МуН. кармалып, Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт Москва РИИБнин EРПП каттоосуна алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эске салсак, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тыюу салынган буюмдардын жаза өтөө мекемелеринин аймагына киришинин алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча максаттуу иштер жигердүү жүргүзүлүп жатат.

2021-01-19 09:27:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ