КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы бирге аракет

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары ички кызматтын полковниги Таалай Нуралиев “Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европалык бирликтин чаралары” долбоорунун Кыргыз Республикасындагы региондук координатору Хосе Антонио Мате Тоуза мырза менен жолугушту. 

Жолугушууда Хосе Антонио Мате Тоуза ЖАМК менен кызматташуу алар үчүн өтө ыңгайлуу болгонун айтып, жемиштүү кызматташуудагы аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ЖАМКнын жетекчилиги жана кызматкерлеринин өз ишине карата жоопкерчиликтүү мамилесин баса белгиледи. “Долбоордун башында эмне мерчемделген болсо, баары аткарылды. Андыктан, сиздерге ыраазычылык билдирем. Учурда Евросоюз каржылаган дагы эки долбоор башталганы турат. Бул долбоордун жетекчиси менен сүйлөшкөндө, мен сиздер тууралуу жакшы пикиримди билдирдим. Алдыда ал долбоор менен да жакшы кызматташарыңыздарга ишенем”,-деди ал.

Таалай Нуралиев да мейманга кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ал берген мүнөздөмө чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ал ошондой эле долбоор Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде коопсуздукту жогорулатуу, пенитенциардык тутумунун кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууда маанилүү болгонун билдирди. 

Жолугушуунун акырында аталган долбоордун алкагында ЖАМКга берилүүчү жабдыктарды акысыз которуу боюнча акттарга кол коюлду. 

ЕБнин Туруктуулукту жана Тынчтыкты Жөндөө институту тарабынан каржылаган бул долбоор менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2018-жылдан бери кызматташып келет.

Анын алкагында ЖАМКнын №27, 31 мекемелеринде 2019-жылдын 13-мартында баңги заттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мекемелердин муктаждыктарын баалоо максатында мониторинг жүргүзүлгөн. Ошондой эле, 2019-жылдын 15-мартында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен Испаниянын Бишкектеги пенитенциардык тутумунун кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча тегерек стол болуп, ошол эле жылдын 3-6-сентябрында , кийин декабрь айында ЖАМКнын кызматкерлери үчүн Испаниянын Жаза аткаруу кызматынын эл аралык эксперттери Сантьяго Ортигос жана Сильвия Алонсонун катышуусунда ЖАМКнын мекемелеринде коопсуздукту жогорулатуу темасында семинарлар өткөрүлгөн.

Учурда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №8 мекемесиндеги өткөрүү пунктун калыбына келтирүү үчүн жабдуулар өткөрүлүп берилди.

Кызматташтыктын алкагында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин баңги заттарга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү потенциалын жогорулатуу максатында кызматкерлер үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

2021-01-27 07:11:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ