КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАМКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан ишке ашырылуучу коррупцияга каршы иш-чаралар боюнча маалымат

         1. Коррупцияга каршы чаралардын көрүлүшү:

         "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

         - 2019-жылга карата ЖАМКнын Борбордук аппаратында жана ведомствого караштуу мекемелеринде Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан;

         - ЖАМКнын 2018-жылдын 25-декабрындагы №593 буйругу менен жазык-аткаруу тутумунда Коррупцияга каршы аракеттенүү комиссиясы (мындан ары - Комиссия) түзүлдү;

         - 2019-жылдын 29-январында Комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү, отурумда  жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде коррупцияга каршы иш-чараларды жүргүзүү маселелери, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди жаратуучу кызмат орундарын аныктоо маселелери каралды;

         - ЖАМКнын 2019-жылдын 04-февралындагы № 50 буйругу менен Комиссия жөнүндө жобо бекитилди. Жобого ылайык жер-жерлерде жүргүзүлүүчү коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышын текшерүү боюнча жана ошондой эле күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды боюнча, анын ичинде жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн компетенттүү органдарга материалдарды берүү берүү менен, кенен ыйгарым укуктар берилген;

         - 2019-жылдын 24-апрелинде Комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү. Айрым бөлүмдөрдүн жетекчилерине карата коррупцияга каршы аркеттенүү боюнча тапшармаларды камтыган  отурумдун протоколдук чечимдери тийиштүү кызматтарга аткарууга жиберилди;

         - ЖАМКнын 2019-жылдын 21-майындагы № 36-б буйругуна ылайык ЖАТтын түзөтүү мекемелеринде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиялар түзүлдү жана коррупцияга каршы аракеттенүү планы жана Борбордук Аппараттын Комиссиясы алдында берилүүчү отчеттун формасы иштелип чыкты;

         - уюштуруу-штаттык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө байланыштуу ЖАМКнын 2019-жылдын 28-майындагы №295 буйругу менен Комиссиянын жаңы курамы бекитилди, анын курамына ЖАМКнын Коомдук кеңешинин  өкүлү да мүчө болуп кирди.

         Коррупцияга каршы иш-чаралардын жүргүзүлүшүн текшерүү жана ЖАМКнын мекемелеринин ишинде коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү мекемелерге барышты:

         - Ысык-Көл жана Нарын облустарына 2019-жылдын 18-22-июлдарныда;

         - Ош, Жалал-Абад жана Баткен облутарына 2019-жылдын  14-20-августтарында.

         Иш сапар учурунда кызматкерлерге практикалык жана усулдук жардам көрсөтүлүп, ошондой эле коррупцияга каршы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

         ЖАМКнын 2019-жылдын 17-июлундагы № 57-т тескемесине ылайык Ички иликтөө кызматы тарабынан № 1, 2, 3, 8, 14, 16, 19, 21, 26, 27, 31, 32, 45, 47, 50 мекемелерге баруу менен аталган мекемелердеги автоунаа каражаттарынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын сарпталышына талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле формалык кийимди текшерүү максатында саптык кароо өткөрүлдү.

         Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган бузуулар тууралуу жыйынды маалымат түзүлүп, кемчилиетреди он беш күндүк мөөнөттө жоюу үчүн мекемелерге жөнөтүлдү.

         2019-жылдын 02-августунда коррупцияны алдын алуу боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө № 45 мекеменин бухгалтериясынын кызматкерлери – улук тескөөчү-бухгалтери жана казыначы-бухгалтери тарабынан айлык акы төлөп берүүдөгү ашыкча төлөмдөр түрүндө 1 млн. 489 миң 505 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактылары аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө кайтарылды.  Материалдар Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурасына жөнөтүлдү.

         2019-жылдын 16-августунда ЖАМКнын мекемелерине баруу графигине ылайык ЖАМКнын Ички иликтөө кызматынын жана Кадр иштери боюнча башкармалыгынын кызматкерлери №8, 14, 16 мекемелерге барышып, кадр кызматтарын текшеришти жана коррупцияны жоюу боюнча алдын

алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

         2019-жылдын 14-августунда Комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү, 2019-жылдын 26-сентябрында ЖАМКнын төрагасынын орун басарынын катышуусунда Борбордук аппараттын өздүк курамы менен кеңешме өткөрүлдү, анын жүрүшүндө коррупция маселелерине байланыштуу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берүүнүн кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

         КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы №474 "2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык  ведомстволук коррупцияга каршы аракеттенүү планы иштелип чыкты жана бекитилди.

         2019-жылдын 17-22-октябрында ЖАМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери Видеобайкоо бөлүмү тарабынан катталган атайын контингентти кармоо режимин бузуу фактыларын териштирүү максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткан облустарындагы мекемелерге иш сапар менен барышты. Мекемелердин өздүк курамы менен кеңешмелер өткөрүлүп, бардык бузуулар дыкат талкууланып, аларга мындан аркы ишмердүүлүктө орун бербөө керектиги жеткирилди.   

         2019-жылдын 24-октябрында коррупцияны алдын алуу боюнча пландуу профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө № 45 мекемеде соттолгондорго айлык маяналарды ашыкча төлөп берүү иретинде 96 012 сом өлчөмүндө финансылык тартип бузуу фактысы катталган. Аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын корутундусу топтолгон материалдар менен кошо ЖАТтын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратурасына жөнөтүлдү.

         2019-жылдын 1-ноябрында жана 20-21-ноябрында Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан уюштурулган коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлерге арналган семинарларга катышты.

         Туруктуу негизде төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүдө:

         - ЖАМКнын Борбордук аппаратынын өздүк курамын жана ведомствого караштуу мекемелеринин кызматкерлерин коррупцияга каршы тематика боюнча, анын ичинде кызматтык даярдыктын алкагында укуктук жактан маалымдоо;

         - эгерде ЖАТтын бир эле мекемесинде же органында иштеген жакын туугандардын кызмат өтөөсү алардын бири-бирине түздөн-түз баш ийүүгө же көзөмөлдөөгө байланыштуу болсо, алардын  бир эле мекемеде же органында иштөөсүнө жол бербөө максатында ЖАТтын кызматкерлеринин туугандык байланыштарына мониторинг жүргүзүү;

         - кызматка укукка каршы максаттарды көздөгөн, соттолгондугу бар адамдарды кабыл алууга жол бербөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн адамдарын ЖАТка кызматка кирүүсүн алдын алуу максатында ЖАТтын кызматкерлери жана кызматка талапкерлер үчүн коррупциялык көрүнүштөргө баруу тобокелдиктерин аныктоочу атайын тесттер иштелип чыкты;

         - 2019-жылы ЖАТка жетектөөчү кызматка келип жаткан 10 талапкерге карата текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкерке карата аны жетектөөчү кызматка дайындоонун максатка ылайык келбестиги тууралуу чечим кабыл алынды;

         - соттолгондордун туугандары менен жолугушууларынын саны жазык-аткаруу мыйзамдарында көрсөтүлгөн чектен ашып кетүүсүнө жол бербөө максатында ар бар ай сайын соттолгондорго жолугушуу берүү боюнча документтер жана келген адамдын соттолгонго туугандык байланышын тастыктоочу документтери текшерилет;

         - ар бир ай сайын соттолгондор тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жасоого зарыл болгон материалдардын киргизилиши жана соттолгондор тарабынан жасалган буюмдардын сыртка чыгарылышы боюнча документтер текшерилет;

         - "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын ЖАТтын органдары жана мекемелери тарабынан аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү (чейрек сайын);

         - ЖАТтын мекемелеринде медициналык дары-дармектердин, анын ичинде күчтүү таасир берүүчү дарылардын эсепке алынуусун жана пайланылышын текшерүү;

         - жатак-абактарда жаза өтөп жаткан соттолгондордун эмгек келишими боюнча иштеп жаткандыгын текшерүү, тактап айтканда ишканалардын жана уюмдардын иш жүзүндө иштегендигин текшерүү;

         - мекемелердин атайын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан соттолгондорго шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга жана жатак-абактарына которууга документтердин өз убагында жана мыйзамга ылайык берилүүсүн текшерүү;

         -  "телефондук" алдамчылыкка барууга шектүү болгон соттолгондорду жана ЖАТтын кызматкерлеринин катарындагы алардын шериктерин ачыкка чыгаруу боюнча иш алып баруу (ар ай сайын).

2. Жарандардын кайрылууларын кароо жана аларды жеке кабыл алуу

         Калктын ишенимин арттыруу жана ЖАМКнын ишин жакшыртуу максатында жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын башынан тарта:

         - ЖАМКга 878 кайрылуу (арыз) келип түшкөн, анын ичинде ЖАМКнын мекемесинин кызматкери тарабынан коррупцияга баруу фактысы боюнча - 1 учур (№ 1 ТИЗОдо кармалган иши тергөөдөгү Р. Тухватулиндин арызы боюнча), факт такталган, арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилди;

         - ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан 337 жаран кабыл алынды, анын ичинде:

         - ЖАМКнын төрагасы тарабынан - 172 адам;

         - ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары тарабынан - 145 адам;

         -  ЖАМКнын төрагасынын орун басары тарабынан - 20 адам;

        

         - ЖАМКнын "ишеним телефону" аркылуу ЖАМКнын ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттерине болгон ар түрдүү даттануулар жана өтүнүчтөр менен жарандардын 16 кайрылуусу болгон, анын ичинде 3 кайрылуу белгисиз адамдардан.

         Келип түшкөн кайрылуулардын бардыгы каралып, алардын жыйынтыгы боюнча:

         - 4 кайрылуу боюнча арыз ээлерине жооптор даярдалып жөнөтүлдү;

         - 6 учур боюнча мыйзам бузуу фактылары катталбагандыктан текшерүү токтотулган;

         - 6 кайрылуу боюнча талапка ылайык чара көрүлдү.

         Кайрылууларды кагаз жүзүндө кабыл алуу үчүн чалуучунун номурун аныктоо кызматы менен кошумча факс аппараты орнотулган.   

         Мындан тышкары, № 14 мекемеде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына 115 номуру боюнча түз байланышка чыгуу мүмкүндүгү менен телефон аппараты коюлган.

         "Ишеним телефонунун" абоненттик номуру, анын иштөө тартиби жана кайрылуу шарттары тууралуу маалымат ЖАМКнын мекемелеринин жана Борбордук аппаратынын маалыматтык такталарында илинген. Мындан тышкары, ведомствонун расмий сайтында ЖАМКнын "ишеним телефону" көрсөтүлгөн жана сайтта электрондук кайрылуу калтыруу мүмкүндүгү каралган.

         3.   Массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу

         ММК менен өз ара аркеттенишүү жазык-аткаруу тутумунун алдына койгон артыкчылыктуу максаттарынын бири болуп калууда, бул кызматташуу пенитенциардык тутумду реформалоо процессин маалыматтык камсыздоого жана тутум жөнүндө объективдүү жана оң тараптуу пикир жаратууга багытталган.

          Массалык маалымат каражаттары менен байланышууда коррупцияга каршы күрөшүү жана аны алдын алуу, кызматтык тартипти сактоо  маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Кызматта орун алган бузуулар тууралуу маалымат ЖАМКнын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат.

         ЖАМКнын Ички иликтөө кызматынын коррупцияга каршы иши тууралуу видеоролик даярдалып, ЖАМКнын ведомстволук http://www.gsin.gov.kg сайтында жарыяланды.

         ЖАМКнын Ички иликтөө кызматы тарабынан № 31 мекемесинин администрациясы жана бухгалтериясы тарабынан 2018-жылдагы республикалык бюджетке 2 млн. 476 миң 433 сом өлчөмүндө зыян келтирүү фактысы аныкталып, ММКда өз убагында чагылдырылды. Азыркы мезгилде республикалык бюджетке келтирилген зыян толук көлөмдө ордуна келтирилди. Топтолгон материалдар ЖАМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди жана КЖБРге 03-860-2019-000186 номуру менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) ылайык катталды.

          Мындан аркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар тарабынан 2017-жылга карата республикалык бюджетке 1 млн. 951 миң 751 сом суммасында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирүү фактысы аныкталган. Азыркы мезгилде аталган сумманы бюджетке кайтаруу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

         Ошондой эле № 27 мекеменин бухгалтериясынын мурдагы кызматкерлери тарабынын республикалык бюджетке 2 млн. 42 миң 717 сом суммасындагы ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы ачыкка чыгарылгандыгы тууралуу маалымат да ММКда жарыяланды. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө республикалык бюджетке келтирилген зыян 340 миң сом өлчөмүндө жарым-жартылай өндүрүлдү. Топтолгон материалдар ЖАМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди жана КЖБРге 03-860-2019-000221 номуру менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) ылайык катталды.

         ММКда жарыяланган "ЖАМКнын кызматкери мас абалында айдоочуну коркутту" аталышындагы видеоролик боюнча кызматтык иликтөө аяктады.  Иликтөөнүн жүрүшүндө № 27 мекеменин башчысынын атайын контингент менен тарбия иштерин жүргүзүү боюнча орун басары ички кызматтын майору Кожокматов Азиздин күнөөсү толугу менен далилденди. Жазык-аткаруу тутумунун катардагы жана жетектөөчү курамынын беделине шек келтирип кадырын кетиргендиги үчүн А. Кожокматов ээлеген кызматынан бошотулуп, ЖАТтын органдарында кызмат өтөөдөн бошотулду. 

 

 

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАМКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Мамлекеттик мекемелер