Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Эмне үчүн ЖАКнын кызматкерлери күтүлбөгөн жерден куралданышты?

Алар шыпыргы, калак жана таштанды челектери менен куралданышкан.  Өлкөнүн ар кайсы аймактарында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыгышты.

Алар жергиликтүү бийлик менен бирдикте өздөрүнө бөлүнгөн жана жакын жайгашкан аймактарды ирээтке келтиришти.

Аймактарды тазалоо жана жашылдандыруу иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан бекитилген «Таза Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына ылайык жүргүзүлдү.

Тазалоо иштери 17-сентябрда башталып, 31-октябрга чейин уланат.

Бул сүрөттөрдө Бишкек шаарындагы ЖАКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Молдовановкадагы No31- мекеменин жана Балыкчы шаарындагы №51- жатак абагынын аскер кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан тазалык иштери жүргүзүлүүдө.

2022-10-14 08:59:09

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ