Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Эч ким унутулбайт!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Кайтаруу жана күзөтүү  департаментинин жайгашкан жеринде (№7412 аскер бөлүгү) өз өмүрүн берген кесиптештерибизди эскерүү максатында жыл сайын өтүүчү салттуу кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү.

 Бул жолу легендарлуу коопсуздук кызматкери, өндүрүш ишмери, республиканын Жаза аткаруу тармагын жыйырма жыл жетектеген патриот Самаркул Рыспаевдин 100 жылдыгына карата уюштурулду.

 Бул эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө УККнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев өз сөзүндө С.Рыспаевдин жаза-аткаруу тармагына кошкон зор салымын да, ошондой эле өз өмүрүн тобокелге салып, кызматтык милдеттерин аягына чейин аткарган курман болгондордун баарынын элесин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мелдештин катышуучуларына куттуктоо сөздөрү жана каалоо-тилектери менен ЖАКнын каза болгон кызматкерлеринин  жана С.Рыспаевдин жакындары сөз сүйлөштү.  Ошондой эле ДОКтун башчысы, аскер полковниги Улан Бердикожоев жана өткөн иш-чаранын негизги демилгечилеринин бири – ЖАКнын ардагерлер кеңешинин жетекчиси, отставкадагы и/к полковниги Алибай Нишанбаевдер каалоо- тилектерин айтышты.

2022-10-14 10:23:49

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ