Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кызыл чырым коомунан дагы бир жардам

ЖАМК жана Эл аралык Кызыл чырым коому  COVID-19 илдетине каршы алдын алуу жана жарандардын саламаттыгын сактоо иштери боюнча тыгыз кызматташууну улантууда.

Бүгүн Эл аралык Кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы миссиясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына гуманитардык жардам тапшырышты.

Иш-чарага ЖАМКнын Башкы штабынын жетекчиси, ички кызматтын полковниги Абдиш Коомбаев баш болгон кызматкерлер катышты. 

Медициналык кол каптан баштап дене табын өлчөөчү куралга чейинки керектүү буюмдар камтылган бул жардам  аталган мекеме-коомдун өз ара түзүлгөн макулдашуусунун алкагында келип олтурат. Дегенибиз, үстүбүздөгү жылдын май айында алар COVID-19 илдетине карата өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу келишим түзүшкөн. Келишим коронавируска байланыштуу болуп жаткан каатчылыкта жабык жайлардагы шарттарды жогорулатууга  багытталып, пенициардык мекемелерге медициналык жабдуулар жана дары-дармекти камсыздоо, камалгандарга жана кызматкерлерге маалыматтык жардам берүү жана изоляторлорду даярдоого көмөктөшүү сыяктуу иш-чаралар камтылган. Келген жардамдар ЖАМК тарабынан эффективдүү пайдалануусу кажет. 

Жардамды тапшыруу келишимине ЖАМКнын Финансы жана чарбалык башкы башкармалыгын башчысы Рахатбек Жапаров жана Кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы миссиясынын медициналык программалык менеджери Гирмай Йедего кол коюшту. 

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган мекемелер 2002-жылдан бери кызматташып келишет жана анын аркасында өлкөдөгү бир катар абактардын имараттарында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, айрым мекемелерде кошумча бөлмөлөр салынган. 

Аталган эл аралык коом кызматкерлерди окутууда, түрмөлөрдү башкаруу системасын эл аралык стандартка ылайык оптималдаштырууда жана абактарда  кургак учук менен күрөшүү иштерин жүргүзүүдө да чоң колдоолорду көргөзүп келет. Үстүбүздөгү жылы эле алар тарабынан Электрондук кезектин номерин (билет номери менен) алууга мүмкүнчүлүк берген каттоо тактасы, билет таратуучу жай, номерлөө машинасы же каттоо терминалы жана  COVID-19 илдетинин жайылышына жол бербөө максатында, карантин учурунда кармалгандардын агымын башкарууда жана кабыл алууда пенитенциардык кызматтын ресурстук базасын чыңдоого арналган чатырлар тапшырылды.

2020-07-24 08:35:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ