Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

ЖАМКда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү.

Коллегиянын отурумун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички кызматтын полковниги А.Эгембердиев ачып, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору Н.Илязов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын структуралык кызматтарынын жана мекемелердин жетекчилери катышты. 

Коллегияда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык жана финансы-чарбалык иштеринин жыйынтыктары каралды.

Аталган иш-чарада ЖАМКнын Башкы штабынын башчысынын орун басары, ички кызматтын полковниги М.Абдыраев өткөн жылдагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерди белгилеп, алар талкууга алынды. 

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖАМКнын 2020-жылдагы ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле, ЖАМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Нишанбаевдин сунушу менен ЖАМКнын ардактуу ардагери Чолушев Колбай Токтогуловичти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Бул күнү “Жыл мыктылары” белгиленип, алар диплом, вымпел, атластык лентасы менен сыйланышты. 

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызматтык ишине дем берүү жана аны жакшыртууга түрткү берүү, кызматтык иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” жобону жетекчиликке алып 2020-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү кызматкерлер мыкты деп табылды:

- «ЖАМКнын мыкты ыкчам кызматкери»-ЖАМКнын № 1 мекемесинин өзгөчөтартиптеги обочолонгон аймактын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери ички кызматтын улук  лейтенанты Болотбек уулу Бактыбек;

- «ЖАМКнын режим жана көзөмөл кызматынын мыкты кызматкери» - ЖАМКнын № 3 мекемесинин режим жана көзөмөл бөлүмүнүн  өзгөчө режимдеги обочолонгон  аймыгынын  улук инспектору  ички кызматтын капитаны Карабеков Алтынбек Шамшиевич.

- «ЖАМКнын тарбиялоо кызматынын мыкты кызматкери» - ЖАМКнын    № 2 мекемесинин  тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн отрядтын начальниги  ички кызматтын улук лейтенанты Иманалиева Жыпара Темировна;

- «ЖАМКнын атайын бөлүмүнүн мыкты кызматкери» - ЖАМКнын № 3 мекемесинин өкүмдөрдү аткаруу жана атайын  эсеп бөлүмүнүн начальниги ички кызматтын   майору  Токторова Алтынай Айткуловна;

- «ЖАМКнын нөөмөт бөлүмүнүн мыкты кызматкери» - ЖАМКнын № 31 мекемесинин нөөмөт бөлүктүн начальнигиички кызматтын  майору  Сакыев Бактияр Жетимишович;

- «ЖАМКнын мыкты кадр кызматкери» - ЖАМКнын № 27 мекемесинин кадрлар тобунун улук инспектору ички кызматтын капитаны Абдиев Кайрат Арстанбекович;

- «ЖАМКнын финансы-чарбалык кызматынын мыкты кызматкери» - ЖАМКнын № 26 мекемесинин улук инспектор-башкы бухгалтери ички кызматтын капитаны Кыштобаева Назгуль Тынчтыкбековна;

- «ЖАМКнын медицина кызматынын мыкты кызматкери» -  ЖАМКнын     № 3 мекемесинин медицина бөлүмүнун фельдшери ички кызматтын капитаны Иманалиева Айжаркын Кокумбековна;

- «ЖАМКнын Тергөө изоляторунун мыкты кызматкери» - ЖАМКнын       № 21 мекемесинин тергөө изоляторунун Тартип жана кайтаруу бөлүмүнүн корпус боюнча башчысы ички кызматтын улук прапорщиги  Сарыбаев Манас Жакыпович;

- «ЖАМКнын жатак-абактарынын мыкты кызматкери» - ЖАМКнын № 42 мекемесинин ыкчам издөө тобунун улук ыйгарым  укуктуу  оперкызматкери ички кызматтын капитаны Маматкарим уулу Нургазы;

2.ЖАМКнын 2020-жылдагы ыкчам-кызматтык жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча төмөнкү мекемелер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мыкты мекемелери деп таанылсын жана аларга өтмө вымпел жана дипломдор тапшырылсын:

- ЖАМКнын «Мыкты түзөтүү абагы» –  № 10 мекемеси;

- ЖАМКнын “Мыкты тергөө изолятору” –  № 21 мекемеси;

- ЖАМКнын “Мыкты жатак-абагы” - № 26 мекемеси.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул мезгилинде өлкөбүздө болгон коронавирус илдетинин таасирине карабай, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде ыкчам кырдаал туруктуу абалда жана көзөмөлдө болду, ошондой эле атайын контингент тарабынан массалык тартип бузуулар же баш ийбөөчүлүктөр орун алган жок. 

Соттук-укуктук реформанын алкагында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан максаттуу иш-чаралар уюшулуп, "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирди. Соттук процесстерди өткөрүү үчүн видеоконференц-байланыш системасын киргизүү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлүп, бул режим боюнча ЖАМКнын бардык 27 мекемеси менен онлайн байланыш түзүлдү. Бүгүнкү күндө 6115тен ашык соттук процесс онлайн режимде өткөрүлдү.

ЖАМКнын мекемелерине орнотулган байкоо камераларынын жалпы саны бүгүнкү күнгө 844 комплектти түзөт. Алар аркылуу ЖАМКнын Мониторинг жана анализ борборунан онлайн режимде мекемелердеги абалга байкоо жүргүзүү мүмкүндүгү түзүлгөн, бул жагдай кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана атайын контингентке көзөмөл кылууну күчөтүүгө шарт түзөт.

Мындан сырткары, соттолгондордун жана камакта кармалгандардын жаңыланган маалыматтык базасы ошондой эле, ЖАМКнын электрондук документтерди жүгүртүү тутуму иштелип чыгып, борбордук аппаратынын базасына киргизилип, тийиштүү кызматкерлерге окутуп үйрөтүүлөр жүргүзүлдү.

Учурда ЖАМКнын мекемелериндеги жалпы 5608 эмгекке жарамдуу соттолгондун ичинен 1456 адам иш менен камсыз болду. 53 өндүрүш участокторунун ичинен 24 өндүрүш участогу 2019-2020-жылдары ачылып, анын ичинен 7 участок жатак-абактар тарабынан өз күчү менен уюшулду. Маселен, 38-мекемеде пескоблок чыгаруу, 42-мекемеде бышкан кыш чыгаруу, 43-мекемеде бетон тирөөчтөрүн чыгаруу, 51- мекемеде пескоблок жана “чийки кыш” боюнча участок, 52-мекемеде балык чарбачылыгы ишке кирди.

Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыктын алкагында 2- жана 3-мекемеде бут кийим тигүүчү жана кийим тигүүчү өндүрүш участоктору уюшулду. Бул цехтерде бут кийимдер, кызматкерлери үчүн формалар жана өмүр бою эркинен ажыратылган соттолгондордун атайын кийими, ич кийимдери, матрас, шейшейшептер тигилет.

Ишканалар мекемелердин муктаждыктарын гана камсыздабай, сырткы рынокко чыгууну да ишке ашырууда. Сокулук районундагы Маловодное айылында ун чыгаруучу өндүрүш тегирмени суткасына 40 тоннага жакын 1-жана 2-сорттогу ун өндүрүп, ушул жылда 26- мекеме тарабынан 582252 сомго 20,817 л. сүт жана 1.633250 сомго 5500кг. эт, ал эми 45-мекемеси тарабынан 882302 сомго жумуртка өндүрүлдү. Алдыда 32-мекемеде автоунааларды техникалык тейлөө боюнча участок, 43-мекемеде кургатылган жемиштерди даярдоо участокторун ачуу пландалууда.

Өсүмдүктөрдү жана жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча ЖАМКнын 9 мекемеси иш жүргүзүшүп, түзөтүү мекемелери картошка жана башка жышылчалар менен 100 % га  камсыздалды. 

Азыркы мезгилде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы  тарабынан Бириккен улуттар уюму, Эл аралык Кызыл крест комитети сыяктуу 15 эл аралык, өкмөттүк эмес, коомдук жана диний уюмдар менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Алар аркылуу бир катар мекемелерде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлүп, жабдуулар жана видеобайкоо жүргүзүүчү жабдуулар, эмеректер сатылып алынды. 2020-жылда тартылган инвестициянын суммасы 1 млн. 563 миң 424  АКШ долларын түзөт. 

Жазык-аткаруу кодексинин 87-беренесин аткаруу максатында 16-жана 2-түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду катуу, кадимки жана жеңилдетилген шарттарда кармоо үчүн атайын объектилердин курулушу жана реконструкциясы жүргүзүлүүдө, № 27 мекемеде долбоордук-сметалык документтерин макулдашуу ишке ашырылууда.

Бул жылы ЖАМКнын төрагасы Аскат Эгембердиев КМШ өлкөлөрүнүн катышуучу-мамлекеттеринин пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин теңтөрагасы болуп шайланды, эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин Кеңештин кезектеги отурумун 2021-жыл ичинде Кыргыз Республикасында жолугушуу менен өткөрүү мерчемделүүдө. 

ЖАМКнын мекемелеринде коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча масштабдуу иш аткарылды, жана анын натыйжасында мекемелерде кармалган атайын контингенттин инфекцияны массалык жуктуруп алуусун токтотууга мүмкүн болду. 

Белгилеп кетүүчү нерсе, коронавирус инфекциясынын таралышына байланыштуу республикадагы түзүлгөн пандемия шартында ЖАМК тарабынан эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүп, натыйжада 29 млн. 433 миң 922 сомго дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялык каражаттар алынды.

2020-жылы кургак учук менен катталгандар боюнча 2019-жылга салыштырмалуу бир нече төмөндөгөн. 2019-жылы 117 учур катталган болсо, 2020-жылы 72 учурга аз.

Кадрларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу- өз ишинин кесипкөйлөрүн даярдоого шарт түзөт. 2020-жылы ЖАМКнын Окуу борборунан 393 угуучуга окуу өткөрүлүп, алгачкы даярдык курсу боюнча тренингдер уюштурулду.

Ошентип, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2021-жылга бир катар иштерди мерчемдеп турат: 

- жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясында каралган иш-чараларды, анын ичинде №19 мекемедеги атайын комплекстин экинчи режимдик корпусун курууну аяктоо, о.э. ар түрдүү категориядагы соттолгондорду кармоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылуу үчүн камералык типтеги объектилерди жана өзүнчө бөлүп кармоо жайларын курууну аяктоо;

- коопсуздукту сактоо максатында түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун объектилерин реконструкциялоо жана аларды кайтаруунун заманбап инженердик-техникалык каражаттарын жакшыртуу;

- жазык-аткаруу тутумунун ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө жана соттолгондорго кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү;

- соттолгондордун жалпы, орто жана кесиптик орто билим алуусун камсыз кылуу;

- атайын контингентти кармоо шарттарын жакшыртуу, соттолгондорду кайра социалдаштыруу, тарбиялоо, реабилитациялоо максатында мекемелердеги социалдык-маданий багыттагы иш-чараларды активдештирүү, бул багыттагы алдыңкы ыкмаларды мекемелердин иш практикасына киргизүү жана социалдык, психологиялык коштоо иштерин жакшыртуу пландалууда. 

2021-01-22 11:21:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ