Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кызматташтык уланат

Бүгүн Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратында Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Ага ЖАМКнын төрагасы, ички кызматтын полковниги Аскат Эгембердиев, “ТИКО” программасынын координатору Осман Уста, ЖАМКнын Башкы штабынын башчысы Абдиш Коомбаев жана башка тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза тутумунда “ТИКО” долбоорлору аркылуу ишке ашырылган жумуштар талкууланып, ЖАМКнын борбордук аппаратынын имаратындагы спорт залды оңдоо иштери, ЖАМКнын №1 мекемесинин аймагындагы клубду спортзал катары профилин кайрадан жүргүзүү иши, №16 мекемесинин негизги көпүрөсүн реконструкциялоо, ошол эле мекемедеги нан жана макарон азыктарын өндүрүү, №3 мекемеде кир самын өндүрүү, №26 мекемеде сүт багытындагы бодо малдарды көбөйтүүчү ферма ачуу маселелери талкууланды.

Аскат Эгембердиев Түркия мамлекети Кыргызстан көзкарандысыз мамлекет болгондон бери өтө чоң жардам көргөзүп келгенин белгилеп, “ТИКО” уюму тарабынан эле Кыргызстанга 80 миллион доллардан ашык жардам көргөзүлгөнүн белгиледи. Ал: “Туркия дүйнөлүк масштабдагы эң ири өлкөлөрдүн бири. Ал Кыргызстанга өзгөчө маани берип, тарыхый мамилелерди күчөтүп, биздин рухубузду көтөрүүгө аракет кылып жатканы бизди кубандырат. “ТИКО” уюуму Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына да чоң жардам берип жатат. Азыр биздеги негизги маселе - өндүрүштү өнүктүрүү. Сиздердин уюм 2015-жылы 35 тигүүчү машина берген. Учурда алар колдонулуп, №2 мекемеде соттолгондор жумуш менен камсыз болушуп, түзөлүү жолуна түшүүгө, айлык акыларын алууга өбөлгө болууда. 2017-жылы мен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде жетекчи болуп турганда, 30 орундуу балдар бакчасында оңдоо иштерин жүргүзүүгө демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөнү эсимде. Ошол учурда “ТИКО” уюмунун өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгү, жардам берүүгө кызыктарлыгы жана аракети мени таң калтырган жана кубандырган. Учурда да биз сиздер менен кызматташтыкты өнүктүрүп, жогорку деңгээлге чыгарганга кызыктарбыз”,-деп билдирди. 

Осман Уста ЖАМКнын жетекчилигине кызматташуу үчүн чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган уюмдун 60 өлкөдө 62 кеңсеси бар экенин жана анын эң алгачкысы 1992-жылы Кыргызстанда ачылганын эскерди. Анын айтуусунда, андан бери Кыргызстанда 90дон ашык долбоорлор ишке ашырылган. Ал Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстан, анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен туугандык жана достук мамилелерди улантуу ниети бар экенин белгиледи. 

Жолугушуунун акырында тараптар ЖАМКнын борбордук аппаратынын имаратындагы спорт залынын абалы менен таанышты.

2021-02-09 09:20:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ