Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Коомдук кеңеш эки жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Парк Отель” мейманканасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. 

Ага ЖАМКнын төрагасы ички кызматтын полковниги А.Эгембердиев, ЖАМКнын Коомдук кеңешинин төрайымы Ч.Өмүрканова, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Б.Рысбеков, ЖАМКнын кызматкерлери, укук коргоочулар, диний эксперттер, эл аралык коомдордун, башка мамлекеттик органдардын коомдук кеӊештеринин өкүлдөрү катышты. 

Кеңешмеде А.Эгембердиев Коомдук кеңеш менен иштөө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеп, аталган коомдук кеңеш жаза аткаруу тутумунун ишинин ачык-айкындуулугу үчүн чоң салым кошуп келгенин билдирди. Ал ошондой эле, КР жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышына көмөктөшкөнүн белгилеп, кеңешке ыраазычылыгын билдирди жана алдыда кызматташууну улантуу ниетин айтты. 

Иш-чарада радикалдашуу жана дерадикалдаштыруу маселеси боюнча ЖАМКнын коомдук кеңеши жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору тарабынан жүргүзүлгөн  изилдөөлөр тааныштырылып, пандемия учурунда абактардагы абал жана аны иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ойлор ортого салынды. 

Жыйында аталган изилдөөлөр боюнча талкуу жүргүзүлүп,  ЖАМКнын кызматкерлерине бир катар суроолор берилди жана тийиштүү жооптор алынды. 

ЖАМКнын коомдук кеңешинин мүчөсү Г.Кожоярованын билдирүүсүндө, бул иш-чара ЖАМКнын Коомдук кеңешинин акыркы эки жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган. 

Бул убакыт аралыгында Кеңеш ЖАМКнын ишинин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, аны кандайча жогорулатууга болот, соттолгондордун жашоо шартын, кызматкерлердин иштөө шартын, инфраструктураны коомго пайда алып келгидей жакшыртуу жагы боюнча аракеттерди жүргүзгөн. 

Г.Кожоярова ЖАМКнын кызматкерлери менен иштөө алар үчүн эч кандай тоскоолдуктарды алып келбегенин, тескерисинче, колдоо аракеттери менен коштолгонун айтты. Ал: “Мен аталган кеңеште экинчи шайлоо мөөнөтүндө иштеп жатам. ЖАМК менен иштешүү биздин кеңештин мүчөлөрүнө эч кандай оорчулук алып келген жок. Себеби, аталган кызмат ар дайым ачык болду. Биздин сунуштарды кабыл алып, же андан баш тартса, аргументтерди келтирип жатышты. Менимче, биз бул аралыкта түшүмдүү иштештик. ЖАМКнын чоң жетишкендиги укук коргоо органдарынын ичинен кайра калыбына келтирүүчү медиация боюнча биринчилерден болуп иштеп баштады. Алар соттолгондор менен жакындарынын ортосундагы байланышты чыңдоого жана алар камактан чыккандан кийин коомго бат аралашып кетүүсүнө аракеттер көрүлүүдө”,-деди. 

ЖАМКнын коомдук кеӊешинин стратегиялык максаттары 2018-2023-жылдарга КР жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышына көмөктөшүүгө багытталган. Алар эркиндигинен ажыратылган адамдардын аярлуу тобунун (аялдар, балдар, карылар ж.б.) укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону алдыга жылдыруу, жазык-аткаруу тутумунда кадр саясатынын натыйжалуу  жүрүшүнө жана кызматкерлердин социалдык коргоолуусуна көз салуу жана колдого көмөктөшүү, 2019-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча тренингдерди өткөрүү, соттолгондорду туугандары менен болгон байланышты түзүү, аларды реабилитация кылууга жардам берүү аракеттерин жасап келди. 

Коомдук кеӊеш адам укуктарынын корголушу,  соттолгондорду кармоо шарттарынын жана коопсуздугунун сакталашы боюнча түзөтүү мекемелерине, ЖАМКнын мекемелери тарабынан мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүшүнө, жазык-аткаруу тутумунун кадр саясатына, түзөтүү мекемелерин кайтаруу  жана башка иштерге ишине мониторинг жүргүзгөн.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматташтыкта жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин экстремисттик багыттагы жана террористтик мүнөздөгү кылмыштары үчүн соттолгондор менен иш алып баруусуна, жазык-аткаруу тутумундагы кесиптик окуу жайларына окуу программаларына суроо-талаптын болушу, аларга атайын контингенттин тартылышы, соттолгондордун медициналык профилактикалык кароосуна, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги психологиялык кызматтардын иш алып баруусуна мониторинг жүргүздү жана керектүү сунуштарды бере алды.

2021-02-17 11:26:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ