Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Айымдар-жашоо жарыгы

Бүгүн, 2021-жылдын 5-мартында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратында аталган кызматта эмгектенген айымдарды 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктоо иш-чарасы болуп өттү. ЖАМКнын мырзалар жамаатынын күчү менен даярдалган салтанаттуу иш-чарага ЖАМКнын төрагасынын орун басарлары баш болгон жетекчилер, ардагер айымдар, ЖАМКнын коомдук кеңеши, борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. 

Салтанатта ЖАМКнын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору А.Эгембердиевдин куттуктоо сөзү жазылган видео көрсөтүлүп, жамааттагы айымдардын иш-аракетин чагылдырган видео слайд тартууланды. 

Андан соң ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары ички кызматтын полковниги Т.Нуралиев жаза аткаруу тутумунун жалпы айымдарын куттуктап, алардын түйшүктүү ишинде жасаган аракети үчүн ыразычылыгын билдирди. Энелерибиздин мамлекет жана коом алдындагы ак эмгегин баса белгиледи. Ал айымдарга чың ден-соолук каалап, куттуу коломтоңорду өчүрбөй, бакубат жашоо кечиргиле деген каалоосун айтты.

Иш-чарада борбордук аппаратынын бир катар кызматкерлери сыйланып, өз ишинде өзгөчөлүгүн көрсөткөн айымдарга, кадырлуу ардагер апаларга төш белгилер жана Ардак грамоталар тапшырылды. 

Кечеде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков, ырчы Байыш Момунов жана төкмө акын Акматбек Султанов сыяктуу таланттардын, ошондой эле, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы аппаратынын мырзалары өз өнөрлөрүн көрсөтүп, айымдардын алкышына ээ болушту.

2021-03-05 10:45:22

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ