Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы

Бүгүн 10-май  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында өмүрүн, жаштыгын жана тажрыйбасын арнаган көп жыл  кызмат өтөгөн ардактуу эс алууга кадам койгондордун бири Керимов Сатынды Кыдырович.

Жаза-аткаруу тутумунда  эмгек жолун 2001-жылдан тарта ушул убака  чейин кызмат өтөп келди. Бул аралыкта көптөгөн жоопту кызматтарда аркалаган. Ардагерибизди узатуу аземинде төрага Эгембердиев Аскат Раимжанович: “Биздин кызматкерибиздин  өзүнүн орду бар. Жаза-аткаруу тутумунда  ийгиликтүү иш алып барып, ардактуу эс алууга  аман-эсен жеткениңиздер биз үчүн жеңиш.  Сиздер биздин арабыздан кеткен жоксунар, ар дайым  биздин катарыбыздасыздар. Ар дайым жаштарга үлгү болуп, насааттарыңыздарды айтып, үй-бүлөңүз менен аман-эсен, ден соолукта болуңуз” – деген сөзүн  айтып өттү.

Ардактуу эс алууга чыгып жаткан С.Керимовго жана анын жубайы Анара Мамбетовага терең ыраазычылыктар айтылып, аларга  “Ардагер” жана “Мыкты айым” төш белгилери тапшырылып, белектер ыйгарылды.

 

2021-05-10 12:02:00

СОЦ ТАРМАКТАРГА БӨЛҮШҮ