Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАМКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Жазык-аткаруу тутумунун түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишин уюштуруу жана жетекчилик кылуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону күчөтүү, башкаруучулук иш кагаздарды даярдоо сапатын жакшыртуу, КРдин ЖАТтын бөлүктөрүн талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу жана практикалык жардам көрсөтүү, белгиленген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө системасын жакшыртуу, башкаруу ишинин жаңы таасирдүү формаларын жана ыкмаларын киргизүү максатында ЖАМКнын 2019-жылдын 13-июнундагы № 333 буйругу чыгарылган. 

Аталган буйрук менен ЖАТтын бөлүктөрүнүн башкаруучулук жана уюштуруучулук ишин жөнгө салуучу 8 тиркеме бекитилген:

1.ЖАМКнын Башкы штабы жөнүндө жобо;

2.ЖАМКнын коллегиясы жөнүндө жобо;

3.ЖАМКнын коллегиясынын регламенти;

4.ЖАМКнын төрагасынын, төраганын биринчи орун басарынын, орун басарынын катышуусундагы ыкчам кеңешмелердин регламенти;

5.ЖАМКнын түзүмдүк бөлүктөрүндө өткөрүлүүчү ыкчам кеңешмелердин типтүү регламенти;

6.ЖАМКнын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүн жетектөө боюнча уюштуруучулук функциялардын ЖАМКнын Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, өз алдынча кызматтарынын арасында бөлүштүрүлүшү;

7.ЖАТтын органдарында анализдин, пландоонун, контролдун жана башкаруунун негиздери;

8.ЖАМКнын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүн тескөөнү уюштуруу жөнүндө жобо.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабы ЖАТтагы стратегиялык жана башка башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган жалпы тутумду башкаруучу,  жазаларды аткаруу чөйрөсүндө укуктук тартипти камсыздоого багытталган комплекстүү милдеттерди аткарууда түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишин координациялоону, аткаруучулук тартипти бекемдөөнү, башкаруу ишинин формаларын жана ыкмаларын жакшыртууну камсыз кылуучу ЖАМКнын өз алдынча, түзүмдүк, ыкчам бөлүгү болуп эсептелет.

БШнын түзүмүнө Эл аралык кызматташтык бөлүмү, Анализ жана пландоо бөлүмү (курамында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистер), Уюштуруу иши жана тескөө бөлүмү (курамында мобилизациялык иштерди жана жарандык коргонууну уюштуруу боюнча адис) кирет. 

Башкы штабдын негизги милдеттери:

- ЖАМКнын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишине комплекстүү талдоо жүргүзүү;

- КР ЖАТтын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ыкчам-кызматтык ишин тескөө;

- ЖАТтын ишин жакшыртууга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын, ЖАМКнын ведомстволук актыларынын, ошондой эле Өкмөттүн, ЖАМКнын программалык документтеринин, ЖАМКнын НУИнин талаптарын ЖАТтын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрү тарабынан аткарылышына жалпы жетекчилик кылуу жана контроль жүргүзүү;

- ЖАМКнын ыкчам-кызматтык ишине ата-мекендик жана чет мамлекеттик алгылыктуу тажрыйбаны киргизүүнү уюштуруу; 

- ЖАТтын түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн жана ЖАМКнын БАнын ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздоо;

- ЖАТтын ишине тиешелүү   эл аралык келишимдердин күчүнө кириши боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекет ичиндеги аткарылуучу жол-жоболорду жүргүзүүсүнө байланышкан эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- ЖАТтын карамагындагы күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу менен мобилизациялык иштер жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.

Кадр иштери  боюнча башкармалыгы

ЖАМКнын Борбордук аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында ЖАМКнын Коллегиясынын 2019-жылдын 01-мартындагы №2\1 чечиминин негизинде бир катар уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар жүргүзүлдү: 

- кызматтарды бекемдөөнүн эсебинен өз алдынча бөлүктөрдүн саны 27ден 16га азайды, б.а. 40%га кыскарды;

- ЖАМКнын ведомствого караштуу мекемелерин бекемдөө максатында Борбордук аппараттын штаттарынын саны 32,5 штаттык бирдикке, б.а. 13,3%га кыскарды;

- ЖАТтын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн  сапаттуу медициналык кызмат менен тейлөө, ооруну алдын алуу жана диспансердик кароону уюштуруу максатында ЖАМКнын Медициналык кызматы (госпиталы менен бейтапканасы) түзүлдү;

- ЖАТтын ишин санариптештирүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгы түзүлдү;

- Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана жарандарды кабыл алуу борбору түзүлдү;

- ЖАМКнын медициналык кызматы, "Омега" атайын дайындалган отряды, Окуу борбору, Пресс-кызматы, Ички аудит бөлүмү, Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү кошумча штаттык бирдиктер менен бекемделди;

- жатак-абактар бөлүмү түзүлдү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгы

2019-жылдын 05-сентябрында ЖАМКнын мекемелерине видеобайкоо жүргүзүүнү ишке ашырган Мониторинг жана анализ борборунун ачылышы болду. 

ЖАМКнын Мониторинг жана анализ борбору Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктөрүү долбоорунун жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу астында түзүлдү, 4 080 490 сомго техникалык жардам көрсөтүлдү. 

Азыркы мезгилде ЖАМКнын бардык мекемелеринде 606 байкоочу камералары бар. Алардын ичинен ЖАМКнын 11 орнотулган 598 байкоочу камера аркылуу онлайн режимде байкоо жүргүзүү жана жаздыруу ишке ашырылууда.

Экинчи жана үчүнчү баскычтын алкагында ЖАМКнын калган бардык мекемелерине онлайн байкоочу камераларын орнотуу пландаштырылууда.  

Борборду түзүүнүн эсебинен атайын контингент тарабынан тартип бузуулардын төмөндөшүнө жана ошондой эле ЖАМКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттеринин сапаттуу аткарылышына  жетишүүгө мүмкүн болду. 

ЖАТтын өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары катары ЖАМКнын мекемелеринин аймагын 100% байкоо камералары менен жабдуу каралууда. Бул жагдай кызматкерлердин коопсуздугун сактоого, атайын контингентке ыкчам байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары мекеменин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын контингент тарабынан административдик жана жазыктык тартип бузууларын катоого алууга жана онлайн байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү алып жүрүүчү видеожаздыруучу жабдууларды пайдаланууну киргизүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле, ЖАМКнын мекемелери менен соттук отурамдарды онлайн режимде байланыштыруу, ЖАМКнын жетекчилиги менен мекемелеринин ортосунда онлайн кеңешмелерди уюштуруу үчүн видеоконференц байланыш долбоору ишке ашырылууда.  Ошондой эле, видеоконференц байланышты тестирлөө үчүн №16, 21 мекемелерде жабдуулар орнотулуп, Бишкек шаарынын соттору менен болгон байланыш системаларын тестирлөө жүрүп жатат.  

“Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын маалымат базасы” маалыматтык системасын “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграциялоо иши улантылууда. 

Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгы

2019-жылы ЖАМКнын мекемелери боюнча соттолгондордун саны 1580 адамга төмөндөдү.

Жаңы мыйзамдарга ылайык кайра каралган кылмыш иштеринин саны – 8379, анын ичинен:

-мындан ары жаза өтөөдөн бошотулганы – 619 адам;

-жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылганы – 3125 соттолгон;

-өзгөртүүсүз калтырылганы – 3578 сунуштама;

-кайра каралбаганы – 1057 сунуштама.

Бүгүнкү күндө соттор тарабынан кайра каралбаган сунуштамалар – 211. 

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 3-пунктунун  талаптарына ылайык соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемесинин түрүн жана жерин аныктоо жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын Атайын комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

2019-жылдын башынан тарта ЖАМКнын Атайын комиссиясынын кароосуна 1726 материал келип түшкөн жана соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү боюнча ЖАМКнын атайын комиссиясынын  63  отуруму болуп өттү.

Ички аудит бөлүмү

2019-жылда жалпы суммасы - 59 млн. 419,3 миң сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар  ачыкка чыгарылган.

Анын ичинде:

-негизсиз чыгымдар  - 12 658  миң сом; анын ичинен: 

-акча каражаттарын  ыйгарып алуу- 7 960,4 миң сом;

-тендер өткөрбөстөн товардык материалдык баалуулуктарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана кызматтарды сатып алуу - 39 879,5 миң сом;

-башка бузуулар - 6 570,8 миң сом.

Азыркы мезгилде күнөөлүүлөр тарабынан келтирилген зыян мамлекеттик бюджеттин эсебине 6 225,9 миң сом өлчөмүндө  өндүрүлдү. 

Финансы-чарбалык башкы башкармалыгы

КРдин Жазык – аткаруу кодексинин 87-беренесин аткаруу үчүн, ошондой эле 2018-2023 жылдарга «Жол картасынын» 7- пунктунун КРдин жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча ЖАМКнын 09.10.2019ж. №544 буйругу менен ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондорду (катуу, кадимки жана жеңилдетилген)  шарттарда кармоону түзүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизүүнү аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Соттук укуктук реформанын алкагында бөлүнгөн каражатка ылайык ЖАМКнын мекемелеринде куруу, оңдоп-түзөө иштери жасалды.

Азыркы убакта ЖАМКнын мекемелеринде суммасы 36 045 734 сомго куруу-оңдоп-түзөө иштери  жүргүзүлүүдө.

2020 – жылда №14 мекемесинде Тарбиялоо абагынын комплекстүү курулушу, №16  мекемеде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү мерчемделүүдө. 

2021 – жылда №24 мекемеде комплекстүү курулуш иштери жана №2 түзөтүү абагынын аймагына жатакана, окуу корпусун, убактылуу бөлүп кармоочу жай ж.б. чарба курулуштарын ишке ашыруу пландаштырылууда. 

2022 – жылда №24, 8, 1 мекемелерде   кошумча курулуш жана оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү пландалууда.  

2023-жылда № 3 мекемеде имараттардын кайра курулушу жана жатаканаларды оңдоп-түзөө мерчемделүүдө. 

№ 21 жана № 47 мекемелерин шаардын четине көчүрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин 2019-жылдын 14-майындагы №23-19 тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын калкынын коопсуздугун сактоо жана инфраструктурасын жакшыртуу  максатында № 21 жана № 47 мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. 

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2019-жылдын 13-сентябрындагы №137/19 корутундусу берилди, ошондой эле №31 мекеменин Борбордук оорканасынын курулушунун технологиялык бөлүгү менен эскиздик долбоор даярдалды. 

2019-жылдын 27-сентябрында ведомстволор аралык жумушчу топтун №21 мекемени №50 мекеменин аймагына көчүрүү маселесин кароо боюнча  кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун жыйынтыгы боюнча тергөө изоляторун курууга жер тилкесинин жарамдуулугун аныктоо үчүн тийиштүү экспертизаларды өткөрүү боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды. 

Медициналык камсыздоо

ЖАМКнын медициналык кызматынын түзүмүндө  13 медициналык-санитардык бөлүк, 4 ден соолук пункту, 535 орунга ылайык 2 стационарных дарылоочу мекеме, өздүк курамга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүүчү бейтапкана/госпиталь бар. 

2019-жылда 2019-жылдын отчеттук мезгилинде ЖАМКнын мекемелеринде жалпы ооруга чалдыккан учурлар - 4799. 

Соттолгондордун өлүмү 2019-жылга - 54 учурду түздү. 

Өлүмдүн негизги себептери: кургак учук жана АИВ инфекциясынан бирдей жабыркаган  - 8, кургак учук - 6 учур, АИВ/КИЖС – 4, спецификалык эмес соматикалык оорулар – 24, онкологиялык оорулар – 3, өзүнүн жанын кыюу учурлары – 8, жаракаттан каза болгондор – 1 учур.  

2019-жылдын 15-апрелинен 13-сентябрына чейин бардык мекемелерде 7270 соттолгон адамдарды камтыган массалык скрининг жүргүзүлдү. 

Отчуттук мезгилде Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринин адистери тарабынан бардыгы болуп 435 соттолгон кабыл алынып, анын ичинен 61 адам ооруканаларга жаткырылды. 

№47 мекеменин алдындагы Борбордук оорукананын наркологиялык борборунда баңгизаттардан жана алкоголдон көз каранды болгон соттолгон адамдар дарылануудан өтөт. 

2019-жылда кургак учук менен ооруган соттолгон адамдардын катталганы  2018-жылга салыштырмалуу төмөн (2019-жылга 117 учур, 2018-жылда 140 учур). 

2019-жылдын 04-сентябрынан тарта ЖАТтын өздүк курамына жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүүчү Госпиталь жана Бейтапкана ишке киргизилди. 

2018-жылдын 14-майынан тарта ЖАМКнын Бейтапканасында Аскер-дарыгердик комиссиясы иштейт, 2019-жылы ЖАТта кызмат өтөөгө талапкер болгон 561 адамга кызматка жарактуулугу жөнүндө медициналык корутундулар берилди.  

Укук камсыздоо бөлүмү

2019-жылга карата министрликтер жана ведомстволор тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын, Жогорку Кеңешинин жана Президентинин Аппаратынын  тапшырмасы боюнча келип түшкөн 253 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлдү. КР Өкмөтүнүн 6 токтому иштелип чыкты жана кабыл алынды.

Укук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жарандык, жазыктык жана экономикалык доо боюнча 16 соттук процесске катышты, анын ичинен 12 иш ЖАМКнын  пайдасына чечилди жана 4 иш соттун өндүрүшүндө.

Тарбиялык иштер башкармалыгы

КР Жазык аткаруу кодексинин 3-беренесинде жазык-аткаруу мыйзамдарынын максаты, милдеттери жана мазмуну аныкталган. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын милдеттеринин бири болуп соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын аныктоо, кылмыштарды жана жоруктарды алдын алуу жана ошондой эле соттолгондорго жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары жана жаза чаралары колдонулган адамдарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүү болуп эсептелет. ЖАМКнын мекемелеринде Тарбия иштери боюнча башкармалыгы тарабынан коомдук, өкмөттүк эмес, диний, укук коргоочу уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соттолгон адамдарды тарбиялоо жана түзөтүү иштери жүргүзүлөт.  

2019 – жылда үлгүлүү жүрүм-туруму жана жаза өтөө тартибин сактагандыгы үчүн 5 862 соттолгонго карата сыйлоо чаралары колдонулган, белгиленген жаза өтөө тартибин бузгандыгы үчүн тартиптик жазага кириптер болгондордун саны - 3 593. 238 соттолгон адамга өздүгүн тастыктоочу документтери калыбына келтирилип берилген, социалдык коргоого муктаж болгон  18 соттолгон адам реабилитациялык борборлорго жөнөтүлгөн. 

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 “Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында  ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондорду паспорттоштуруу боюнча иш-чаралар жүргүлүлүп келет. 

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына жана 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасына ылайык ведомстволор аралык кеңеш берүүчү жумушчу топ түзүлгөн, аталган жумушчу топ экстремисттик идеологиянын таасирине кирген соттолгон жарандарды коомго интеграциялоо жана реабилитациялоо мехнизмдерин иштеп чыгууда. 

2019-жылда доо арыздарын тындыруунун суммасы - 12 121 285, 79 сомду түздү. 

Тарбия кызматтарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары соттолгондорду иш менен камсыз кылуу эсептелет. Бүгүнкү күндө жумуш менен камсыз болгон соттолгондордун саны – 725 адам. 

Соттолгондордун орто жалпы билимге ээ болуусун камсыз кылуу максатында ЖАМК менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү, анын алкагында соттолгондорду дистанттык түрдө окутуу пландалууда. 

Республикалык медиаторлор коомчулугу менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлүп, анын негизинде Пенитенциардык медиация боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилди.  

Жатак-абактар бөлүмү

Уюштуруучулук штаттык иш-чараларды жүргүзүүгө байлаеыштуу 2019-жылдын 23-октябрында ЖАМКнын түзүмүндө жатак-абактар бөлүмү түзүлгөн. Бөлүм Жазык-аткаруу кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген жатак-абактарда жаза өтөө тартибинин сакталышын контролдоого багытталган. 

Жатак-абактар бөлүмүнүн негизги максаттарынын бири болуп түзөтүү абактарынан жатак-абактарына которулган соттолгондорду кармоо боюнча жатак-абактарынын ишин координациялоо, соттолгондордун оңолушуна жана кайра социалдашуусуна өбөлгө болуучу шарттардын түзүлүшүн көзөмөлдөө. 

Бөлүм жатак-абактарда соттолгондорго көзөмөл жүргүзүүнү уюштурат жана жатак-абактарынан качып кеткен жана жаза өтөөдөн баш тарткан соттолгондорду издөө иштеринде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт. Ошондой эле, соттолгондорду жумуш менен камсыз кылууну уюштурат. 

2020-жылдын 10-январынан тарта 2020-жылдын 10-февралына чейин “Качкын” шарттуу аталыштагы ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө издөөдө жүргөндөрдүн ичинен 71 адамдын жүргөн  орду такталды.