Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын мекемелериндеги өндүрүш участоктору

ЖАМКнын мекемелериндеги өндүрүштүк иш-аракеттер эки багытта жүргүзүлөт:

- «Өнөр жай өндүрүш багыты»;

- «Мал чарбачылык жана жер иштетүү багыты»

Өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүү тармактары:

-«Курулуш материалдарын чыгаруу»; 

-«Нан жабуу»

-«Кургак кесмелер жана чарын (крупа) чыгаруу»

-«Жеңил өнөр жай»

"Айыл чарба өндүрүшү" төмөнкү тармактар боюнча өнүгүүдө

-Бодо мал өстүрүүчүлүк

-Кой-өстүрүүчүлүк  

-Тоок чарбачылык

-Бал өндүрүүчүлүк 

-Балык чарбачылык

-Осүмдүк өстүрүүчүлүк

-Жашылча өстүрүүчүлүк

ЖАМКнын мекемелериндеги өндүрүш участокторунда соттолгондордун жумуш менен камсыз болгондордун саны орточо эсеп менен 350-400 адамды түзөт.

2019-жылы 13 жаңы өндүрүштүк участоктору ачылды:

- 6 өндүрүштүк участоктор жатак абактар өздөрүнүн күчтөрү менен ачышты;

- 7 өндүрүштүк участоктор «Келечек» мамлекеттик ишканасы менен  биргеликте ачылды.

№2- мекемеде 2020-жылдын планында «Келечек» МИ ишканасы жана бей өкмөт уюмдарынын жардамы менен 20 жумуш орундуу бут кийим тигүүчү цехинин ачылышы мерчемдештирилди.

№3-мекемеде 2020-жылдын планында «Келечек» МИ ишканасы жана бей окмөт уюмдарынын жардамы менен 20-30 жумуш орундуу бут кийим тигүүчү жана кийим тигүүчү цехтеринин ачылышы мерчемдештирилди. Мындан сырткары 5-10 жумуш орундуу жыгач усталычылык цехи ачылышы мерчемдештирилди.

  

2020-жылы №38-мекемеде төмөнкү иш-аркеттер мерчемдештирилүүдө

«Келечек» МИ биргеликте  10 га жер тилкесине картошка жана 15 га жер тилкесине арпа айдалышы мерчемдештирилди.

2019-жылы мекеме бетондон жасалган түркүк (стойка) чыгарып (770 даана) башташты.

Мекемеде 2020-жылга пландаштырылган иш-чаралар:

- белгилей кетчү жагдай 2020-жылга жер иштетүүнү 5,6 га жер тилкесине көбөйтүп, анын ичинде 100 тн. пияз өндүрүшүп ЖАМКнын баардык түзөтүү мекемелерин камсыздоону пландаштырууда. 

- бодо малдын санын 18 башка жеткирүүнү, жашылча жемиштерди кургатуучу цехин ачууну пландаштырышты.

- бей өкмөт уюмдардын жардамы менен жашылча жемиштерди кургатуучу цехин ачуу үчүн иш аракеттер пландаштырылды.

 

№45-мекеменин 2020-жылга койгон иш-планы

План: 

- 500-550 тоок жумурткасын алууга, 500 тоок жаш тоок менен алмашуу;

- күнөөскананын жер тилкесин чоңойтуу;

- жер иштететүү тилкесин 5 га көбөйтүп, 10 000 кг.

- сабиз түшүмүн алууга жана республикадагы түзөтүү мекемелерди  керектөөсүн 100% жабуу;

- 5 га. жер тилкесинен 10 000 кг.арпа түшүмүн алуу

 

Өндүрүштү мындан дагы жогорку деңгээлде өнүктүрүү үчүн, Өз күчтөрү менен,  бей өкмөт уюмдардын жардамы менен жана “Келечек” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте жаңы ачыла турган 21 жаңы өндүрүштүк участоктору төмөнкү мекемелерде ачылышы пландаштырылды.

- №2-түзөтүү мекемесинде – бей өкмөт уюмдардын жардамы менен “Бут кийим тигүүчү” цехинин курулуш иштери аякталып, ачылышы;

- №3-түзөтүү мекемесинде – бей өкмөт уюмдардын жардамы менен “Кийим тигүүчу”,   ”Бут кийим тигүүчү” жана “Жыгач усталык цехинин” курулуш иштери аякталып, ачылышы;

- №8-түзөтүү мекемесинде – “Жыгач материалдарын иштетүү цехинин” ачылышы; 

- №27-түзөтүү мекемесинде өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен жана Келечек МИ менен биргеликте “Кийизден жасалган буюмдарын” өндүрүү”;

- №32-мекемеде бей өкмөт уюмдардын жардамы менен “Автоунааларды техникалык тейлөө станциясы”, ошондой эле “Кийим тигүүчү” жана “Ширетүүчү  цехинин” ачылышы;

- № 39-мекемеде “Чийки кыш чыгаруу” жана “Зымдан жасалган торчону чыгаруу”:

- №42-мекемеде “Мал чарбачылыгын өздөштүрүү”;

- №43-мекемеде бей өкмөт уюмдардын жардамы менен “Жашылча-жемиштерди кургатуу цехи”.

- №47-мекемеде “Брусчатка чыгаруу”;

- №52-мекемеде “Тоок чарбачылыгы”;

Ликвидация болгон №48-мекеменин участогунда “Егоза”-Тикенек зымы”,   “Кийим тигүүчү цехи”,   “Пластикалык эшик-терезе жасоо цехи”, “Брусчатка менен бордюр жасоо цехи”, ачылыштары.