Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомдук кеӊешинин 2019-жылдагы иши боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык жана Коомдук кеӊештин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиясынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги №41 отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Жазык аткаруу тутумунун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында ЖАМКнын Коомдук кеӊешинин жаӊы мүчөлөрү бекитилген, биринчи отуруму 2019-жылдын 26-апрелинде ЖАМКнын административдик имаратында өткөн.

Коомдук кеӊештин биринчи отурумунда КР «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кеңештин төрайымы, анын орун басары жана жооптуу катчысы шайланган, ошондой эле ЖАМКнын Коомдук кеңештин мындан ары иштөө планы белгиленген. 

ЖАМКнын Коомдук кеӊеши 2019-жыл ичинде өз ишин КР «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» КР Мыйзамына жана ЖАМКнын коомдук кеӊешинин 2017-2019-жылдарга болгон иш мерчемине ылайык алып барды.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш мерчемде ЖАМКнын коомдук кеӊешинин стратегиялык максаттары аныкталган, анын ичинде 2018-2023-жылдарга КР жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышына көмөктөшүү, эркиндигинен ажыратылган адамдардын аярлуу тобунун (аялдар, балдар, карылар ж.б.) укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону алдыга жылдыруу, жазык-аткаруу тутумунда кадр саясатынын натыйжалуу  жүрүшүнө жана кызматкерлердин социалдык коргоолуусуна көз салуу жана алдыга жылдыруу. 

2019-жылы Коомдук кеӊештин отурумдары өкмөттүк эмес уюмдардын, башка мамлекеттик органдардын коомдук кеӊештеринин, массалык маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү, анын ичинде №2 түзөтүү мекемесинде (Степное а.) баруу менен да өттү.

ЖАМКнын 2018-жылдын 31-декабрындагы №619 “КР жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын кээ бир маселелери жөнүндө” буйругу менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеӊешинин төрайымы Өмүрканова Ч. А. жогорудагы комиссияга мүчө болуп дайындалды.

Коомдук кеӊеш менен конструктивдүү кызматташуу менен  Жазык-аткаруу тутумун реформалоо боюнча координациялык кеӊеш иштейт, ал жакта да Коомдук кеӊештин төрайымы Өмүрканова Ч. А. активдүү мүчө.

ЖАМКнын 2020-жылдын 19-февралындагы №114 буйругуна ылайык Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеӊешинин мүчөсү И.Л. Лебузов ЖАТтын Коррупцияга каршы аркеттенүү комиссиясынын мүчөсү.

Жазык-аткаруу тутумунун ишинин ачык-айкындуулугун жана коомдук контролду камсыздоо максатында отчеттук мезгил ичинде Коомдук кеӊеш тарабынан төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлдү:

-адам укуктарынын корголушу,  соттолгондорду кармоо шарттарынын жана коопсуздугунун саталашы боюнча түзөтүү мекемелерине мониторинг жүргүзүлдү, (анын ичинде айып изоляторуна, камера тибиндеги жайларга, жеке коопсуздугун коргоо бөлмөлөрүнө);

-ЖАМКнын мекемелери тарабынан мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүшүнө мониторинг жүргүзүлдү;

-Жазык-аткаруу тутумунун кадр саясатына мониторинг жүргүзүлдү;

-Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо Департаментинин ишине мониторинг жүргүзүлдү;

-Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (УНП ООН в КР) кызматташтыкта жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин экстремисттик багыттагы жана террористтик мүнөздөгү кылмыштары үчүн соттолгондор менен иш алып баруусуна коомдук мониторинг жүргүзүлдү, алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет даярдалды жана ал отчет жарыяланды;

-Жазык-аткаруу тутумундагы кесиптик окуу жайларына окуу программаларына суроо-талаптын болушу, аларга атайын контингенттин тартылышы, кесиптик көндүмдөрдү берүү деңгээли боюнча мониторинг жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы боюнча сунуштар менен тийиштүү отчет даярдалды;

-соттолгондордун медициналык профилактикалык кароосуна (скринингин) мониторинг жүргүзүлдү, сунуштары менен тиешелүү отчет даярдалды;

-Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги психологиялык кызматтардын иш алып баруусуна мониторинг жүргүзүлдү, сунуштары менен тиешелүү отчет берилген;

-ЖАМКнын Коллегиясынын отурумдарына катышты (2019-жылдын жарым жылдык жана 2019-жылдын ишинин жыйынтыктары боюнча);

-Жазык-аткаруу тутумун Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн аттестацияга байкоочу катары катышты;

-ЖАМКнын Окуу борборунун базасында ЖАТтын кызматкерлери үчүн (мекеме башчыларынын трабия иштери боюнча орун басарлары, социалдык кызматкерлер жана психологдор үчүн) Республикалык медиаторлор бирикмеси, "Эгль" коомдук фонду, Бишкектеги ЕККУнун (ОБСЕ) программдык кеңсеси менен биргеликте медиация боюнча семинарлар уюштурулду;

-пенитенциардык кызматтардын маселелери боюнча регионалдык конференциялардын ишине катышуу: медициналык жактан камсыз болуу укугу, зомбулук экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча.

ЖАМК "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык жана Коомдук кеӊештин ишинин натыйжалуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында отрумдарды өткөрүү үчүн Борбордук аппараттын имаратында иш бөлмөсүн, ошондой эле талкуулануучу маселелер боюнча маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттарды (компьютер, проектор, принтер ж.б.) бөлүп берген.

Мындан тышкары, ЖАМК Коомдук кеңешке ЖАТтын мекемелерине кирүүгө уруксат берүүдө  туруктуу колдоо көрсөтүп келет. 

Белгилеп кетүүчү нерсе, ЖАТтын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында 2020-жылдын 28-февралында ЖАМКнын №16 мекемесинде (Москва районунун Беловодское айылында) ЖАМКнын Коомдук кеңешинин отуруму болуп өттү (пресс-брифинг форматында). Отурумга Өкмөттүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЖАТтын органдарында жана мекемелринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.