Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Ардагерлер кеңеши

“Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун Ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси – ЖАТтын ардагерлеринин социалдык-тиричилик жана башка эң маанилүү жашоо шарттарын камсыздоо жана алардын укуктарынын ишенимдүү корголушун камсыз кылуу максатында түзүлгөн жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмеси. 

28-август Жазык-аткаруу тутумунун ардагерлеринин күнү деп белгиленген. Бул тууралуу буйрукка 2019-жылдын 25-июнунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев кол койгон.

Мындан 100 жыл мурда, 1918-жылдын 28-августунда Юстиция комиссариаты жөнүндө жобо бекитилген жана анын алдында түрмө ведомствосу боюнча бөлүм түзүлгөн. Бул дата Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун калыптанышынын негизги учурларынын бири болуп эсептелет жана тарыхый бекемдөөгө муктаж.

Аталган буйрук ардагерлер кыймылын колдоо үчүн жана ЖАТтын ардагерлерин социалдык жактан коргоо ишиндеги алдыңкы тажрыйбаны жана калыптанган салттарды жайылтуу зарылдыгынан улам чыгарылды. 

Жыл сайын бул күнү ЖАТтын ардагерлерин сыйлоо аземдери уюштурулат. 

Ушуну менен бирге эле, аталган буйрукка ылайык, ЖАМКнын бардык бөлүктөрүнө ардагерлерди тоскоолдуксуз кабыл алуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүүдө жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлду. 

Бирикменин негизги максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:

-ЖАТтын ардагерлеринин кызыкчылыктарын коргоо, улуу муундун социалдык-экономикалык, эмгектик жана жеке укуктарын жана эркиндиктерин, абийирин жана ар намысын коргоо;

-алардын материалдык жетиштүүлүгүн, татыктуу жашоо шартын, медициналык камсыздоосун, ден соолугун чыңдоосун жана талаптагыдай эс алуусун жакшыртууга көмөктөшүү;

-жарандарды жана ардагерлерди пенсиялык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү түрдө аткарылышына чараларды көрүү.

Негизги милдеттери:

-ЖАТтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын мыйзамды жана кызматтык этиканын эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо, кызматтык жана аскердик милдетти талаптагыдай аткаруу багытында тарбиялоодо усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү;

-учурда кызмат өтөп жаткан ЖАТтын кызматкерлерине, пенсиядагы жана ардактуу эс алуудагы ардагерлерине жана аскер кызматчыларына, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда майып болгон кызматкерлерге жана каза болгон кызматкерлердин үй бүлөлөрүнө ар тараптуу материалдык, социалдык жардам көрсөтүү; соттук жана мамлекеттик органдарда алардын кызыкчылыктарын коргоо;

-массалык маалымат каражаттарын кызматташтыкка тартуу аркылуу коомдо ЖАТтын органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн кадыр барктуулугун жогорулатуу, коомдо ЖАТтын ишмердүүлүгү жөнүндө объективдүү жана оң тараптуу пикирди калыптандыруу;

-пенитенциардык тутумдун ишин, анын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жакшыртууга, ошондой эле, ЖАТтын мекемелеринде укуктук тартипти жана  туруктуулукту камсыздоого, коомдук тартипти сактоого жана укук бузууларды алдын алууга багытталган иш-чараларга ардагерлердин активдүү катышуусуна шарт түзүүчү чараларды көрүү;

-жашоосу жана кызмат өтөөсү соттолгондорду кайтарууга жана тарбиялоого байланышкан жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон ЖАТтын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө сактоого багытталган иш-чараларды уюштуруу;

-ЖАТтын Окуу борборунда жана түзүмдүк бүлүктөрүндө кызматкерлерди жана аскер кызматчыларын окутуу, кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштерине катышуу;

-ардагерлердин, пенсионерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн, ошондой эле каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнүн жашоо шарттарын жакшыртууга, аларды медициналык камсыздандырууга багытталган программаларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

-ЖАТтын ишин жакшыртууга, анын ичинде ардагерлердин жана пенсионерлердин социалдык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга өз компетенциясынын чегинде катышуу сунуштарын киргизүү;

-бирикменин коомдук ишине жана жаш кызматкерлерди окутууга активдүү катышкандыгы үчүн бирикменин мүчөлөрүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү:

Нишанбаев Алибай – ЖАМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы

Токтосунов Тургунбек Искандерович- Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары;

Арбаев Советбек Асанович

Новикова Татьяна Николаевна

Абдурасулов Боконбай Султанович

Алчикенов Каныбек Атишевич

Асанканов Бактыгул

Ашимов Мамазаир Нурматович

Алымбаева Раиса Имангазиевна

Асанова Зура Исламовна

Насбеков Калыбек

Исабеков Кубан Эсенович

Сакелов Жениш Самакович

Абдиев Торогелди Джекшенович

Энтериев Орозбек Жумабаевич

Уметов Казыбек Акунович

Ардагерлер кеңешинин 2019-жылда аткарган ишинин отчету

2019-жылда аткарылган бардык иш-чаралар ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан финансылык жана уюштуруучулук жактан колдоого алынды.

2019-жылдын 31-майында ЖАМКнын Борбордук аппаратынын фойесинде балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чара уюштурулду, иш-чарага кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон ЖАТтын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү катышты жана аларга ЖАТтын жетекчилиги, Борбордук аппараттын кызматкерлери, “Шоро” компаниясы жана жеке ишкерлер тарабынан финансылык жардам көрсөтүлдү. 

Ардагерлердин тизмеси ай сайын жаңыртылып турат жана алардын туулган даталарына карата, юбилейдик даталарга байланыштуу ЖАМК жана Ардагерлер кеңеши тарабынан куттуктоо иш-чаралары жүргүзүлөт. 

ЖАМКнын медкызматы менен биргеликте 80 жаштан ашкан ардагерлердин ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп турат. 

ИИМдин ардагерлер түзүмү, Омбудсмен аппараты, Күч түзүмдөрүнүн республикалык ардагерлер кеңеши менен байланыш түзүү иштери жүргүзүлүүдө, ЖАТтын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Республикалык ардагерлер кеңешинин президиумунун курамына кирди.

Ардагерлер кеңеши жергиликтүү (аймактык) ардагерлер уюмдарынын активдешүсүн демилгеледи, ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан мекеме башчыларына өткөрүлүүчү иш-чараларга ардагерлерди тартуу жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Каза болгон кызматкерлердин балдарына ден соолукту чыңдоо лагерлерине жеңилдетилген негизде жолдомолор берилди. 

Карылар күнүнө карата 2019-жылдын 1-октябрында демөөрчүлөрдүн жана Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн төлөмдөрүнүн эсебинен ардагерлер азык-түлүк менен камсыздалды. 

2019-жылы Ардагерлер кеңешинин демилгеси боюнча, ЖАМКнын тийиштүү буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан төмөнкүлөр иштелип чыкты жана бекитилди:

-“Ардагер” төш белгиси;

-аялдар үчүн “Мыкты айым” медалы;

-“ЖАТтын отличниги” төш белгиси.

Ардагерлер кеңешинин базасында Улуттук Кызыл жарым ай коомунун алгачкы уюму түзүлдү.   Бул уюм менен тыгыз байланыш түзүлүп, курман болгон офицерлердин балдары жана ардагерлер мындан ары гуманитардык уюмдардын жардамга муктаж адамдарынын тизмесинде болот. Мындан тышкары, балдар ар түрдүү окутуу курстарына жөнөтүлүүдө, ар түрдүү иш-чараларга волонтер катары тартылууда жана активдүү коомдук жашоого катышууда. 

Курман айт майрамына карата 45 ардагерге 78 750 сомго жалпы көлөмү 225 кг. Өлчөмүндө уй эти берилди.

ЖАМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн кургак учукту алдын алуу боюнча лекция уюштурулду, азыркы мезгилде кызматкерлерди В гепатитине каршы эмдөө маселеси каралууда.

Ардагерлер кыймылынын эң башкы жетишкендиги – 28-августту ЖАТтын ардагерлеринин күнү катары белгилөө болду, бул чечим ЖАМКнын жетекчилигинин 2019-жылдын 25-июнундагы №346 буйругу менен бекитилди. Ушуга ылайык 2019-жылдын 28-августунда ЖАТтын тарыхында биринчи жолу бардык деңгээлде, мекемелерде, Борбордук аппаратта жана Кайтаруу жана күзөт департаментинде ардагерлерди сыйлоо иши масштабдуу белгиленди. ЖАМКнын Борбордук аппаратына 100дөн ашык ардагерлер, ИИМдин ардагерлер уюмунун,  күжүрмөн боордоштуктун, Республикалык ардагерлер кеңешинин, Коомдук кеңештин өкүлдөрү чакырылды. ЖАМКнын 2019-жылдын 26-августундагы №445 буйругу менен сыйланышты:

-“Устат” медалы менен – 14 ардагер;

-“Ардагер” медалы менен – 36 ардагер;

-“Мыкты айым” медалы менен – 18 ардагер;

-ЖАМКнын Ардак грамотасы менен – 19 адам. Бардыгы болуп 87 адам сыйланды. 

Бул күнү Кайтаруу жана күзөт департаментинде ардагерлерге жана конокторго арналган майрамдык концерт болуп өттү. 

Ардагердик кыймыл иститутун түзүү маселечи чечилди, ЖАМКнын 2019-жылдын 26-августундагы №449 буйругу менен ЖАТтын Ардагерлер кеңешинин жобосу бекитилди. Ушул күндөн тарта ардагерлер кыймылы укуктарга жана милдеттерге ээ болгон легитимдүү уюмга айланды. 

Аталган буйрукту аткаруу максатында азыркы мезгилде мекемелерде аймактык ардагерлер уюмдары түзүлүүдө. Ардагерлер кеңеши тарабынан ЖАТтын ардагеринин каттоо карточкасы иштелип чыкты жана типографиядан басылып чыкты. 2020-жылда бардык ардагерлерди каттоого тургузуу иши жүргүзүлөт. 

ЖАТтын кызматкерлерин кызматтан бошотууда жана пенсияга узатууда пикир келишпестиктерге жана психологиялык соккуларга жол бербөө максатында иштеп жаткан жана запаска бошотулуучу  кызматкерлер менен  психологиялык, профилактикалык, социалдык, укуктук багытта иш алып барууну ЖАМКнын практикасына киргизүү сунушу киргизилди. Сунуш жетекчилик тарабынан колдоого ээ болуп, ЖАМКнын 2019-жылдын 4-декабрдагы № 67 буйругу менен Ардагерлер менен иш алып баруу секторуна жетектөөчү адис штаттык кызмат орду киргизилди.  Бул багытта келечекте бир кыйла иштерди жасоо зарылдыгы турат – запаска бошотулуучу кызматкерлер менен маектешүүлөрдү жүргүзүү, аларга психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүү, алардын жумушка орношуусуна жана кесиптик окуусуна көмөктөшүү. 2019-жылдын декабрь айында № 19 жана 47 мекемелерде С. А. Арбаев жана Т. Качекеев менен биргеликте аталган мекемелердин өздүк курамы жана ал жердеги батальондордо кызмат өтөр жаткан жоокерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ардагердик уюмдар менен өз ара аракеттенишүүнү жакшыртуу, ЖАМКнын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө алардын катышуусун жогорулатуу максатында “КР ЖАТтын органдарынын жана мекемелеринин ардагердик уюмдар менен болгон өз ара аракеттенишүүсүн мындан ары жакшыртуу жөнүндө” ЖАМКнын буйругу чыгарылды.

ЖАМКнын Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен ЖАМКнын жетекчилигинин, “Келечек” МИнин жана КРдеги Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун  колдоосу аркылуу кызматтык милдетерин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлердин балдары, жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү үчүн Жаңы жылдык майрамдык кече уюштурулду.   

“Сейтек” балдар чыгармалык борборуна Жаңы жылдык кечеге 35 билет жана 35 майрамдык белектер берилди. Ошондой эле, 2019-жылдын 25-декабрында Борбордук аппаратта курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнүн катышуусунда Жаңы жылдык майрамдык кече өткөрүлүп, ар бир балага баалуу белектер, кийим-кечектер тапшырылды.

Тапшырылган белектердин саны:

-“Келечек” МИ тарабынан – 35 комплект;

-демөөрчүлөр тарабынан – 30 комплект;

-Кызыл Жарым Ай коому тарабынан – 25 комплект, жалпы суммасы 36 000 сомго.

Кызматкерлердин 10 баласына кошумча Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен Катар Чарити фондусунан бут кийимдер, кышкы кийимдер берилди (жалпы 30 000 сомго). Бардыгы болуп 32 даана кышкы күрмө тапшырылды (32 000 сомго). 

Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен, Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен ардагерлерге, кызматкерлерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 10 тонна көмүр берилди (40 000 сом). 

2019-жылда төмөнкү гуманитардык жардам алынды:

-уй эти -225 кг 78 750 сом суммасында; 

-ваучерлер -25 000 сомго;

-жаңы жылдык белектер (90 даана) -36 000 сомго;

-комплект (өтүк, куртка, свитер)-30 000 сомго;

-кышкы куртки (32 даана) -32 000 сомго;

-көмүр (10т)- 40 000 сомго.

Жалпысынан алганда 241 750 сом суммасында жардам көрсөтүлдү. 

Отчеттук мезгилде ар түрдүү маселелер боюнча 100 ардагер кабыл алынды жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам көрсөтүлдү. 

ЖАМК жана Ардагерлер кеңеши тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар массалык маалымат каражаттарында чагылдырылууда.