Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАМКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы төмөндөгү бош орундарга талапкерлерди алууга жарыялайбыз:

Бишкек шаары ЖАМКнын Госпиталы жана поликлиникасы:

- Улук инспектор-терапевт дарыгер;

- Инспектор – невропатолог дарыгер;

- Офтольмолог-дарыгер.

Сокулук району Степной айылы №2 мекеме:

- Гинеколог-дарыгер, педиатр-дарыгер, невропатолог-дарыгер.

Ыссык-Ата району Ново-Покровка айылы №3 мекеме:

- Фельдшер.

Жалал-Абад шаары №10 мекеме:

- Медициналык бөлүктүн начальниги, фтизиатр-дарыгер.

Москва району Беловодск айылы №16 мекеме:

- Терапевт-дарыгер, хирург-дарыгер.

Сокулук району Жаны-Жер айылы №19 мекеме:

- Стоматолог-дарегер.

Бишкек шаары №21 мекеме:

- Дарыгер – лобарант, фельдшер.

Ош шаары №25 мекеме:

- Терапевт-дарыгер.

Аламудун району Молдовановка айылы №31 мекеме:

- Отделениянын начальниги-дарыгер, фтизиатр-дарыгер, лобарант-дарыгер.

Бишкек шаары №47 мекеме:

- Рентгенолог-дарыгер, реаниматолог-дарыгер, нарколог-дарыгер, психиатр-дарыгер, терапевт-дарыгер, невропатолог-дарыгер, фельдшер.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

- Медициналык жогорку билим;

- Аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн жарандары (аялдардан башка);

- 35 жашка чейин.

КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮЛӨР:

- Аламудун району Молдовановка айылы №1- мекеме

- Сокулук району Степной айылы №2- мекеме

- Ыссык-Ата району Ново-Покровка айылы №3- мекеме

- Москва району Беловодск айылы №8- мекеме

- Жалал-Абад шаары №10- мекеме

- Панфилов району Вознесеновка айылы №14- мекеме

- Москва району Беловодск айылы №16- мекеме

- Сокулук району Жаны-Жер айылы №19- мекеме

- Бишкек шаары №21- мекеме

- Ош шаары №25- мекеме

- Аламудун району Молдовановка айылы № 27, 31 мекемелер

- Бишкек шаары №47- мекеме

- Ыссык-Ата району Нооруз айылы №3- мекеме

- Жалал-Абад шаары №53- мекеме

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

- Орто, атайын-орто билим;

- Аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн жарандары (аялдардан башка);

- 30 жашка чейин;

- Бою 165 см. жогору.

Документтерди кадрдык иштер Аппараты жана  мекемелердеги кадрдык кызматтары тарабынан кабыл алынат.

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимова-106 көчөсү, тел.0312 438460, 438210.

____________________________________________________________________________________

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы офицердик курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн квалификациялык талаптарга ылайык конкурс жарыялайт

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

* жогорку билим;

* аялдардан тышкары, аскердик же альтернативдик (үй-бүлөлүк шарттар боюнча) аскердик кызмат өтөөсү; 

* 19 жаштан 35 жашка чейинки курак;

* эркектердин бою 165 см төмөн эмес, аялдардын бою 160 см төмөн эмес болушу керек.

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди 2021-жылдын 20-апрелине чейин тапшырууга тийиш:

- жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы/анкета;

- автобиография;

- автобиографиялык реферат;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

- дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

- аскердик билет;

- паспорттун көчүрмөсү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- 9х12 формасында сүрөт (1 даана) жана 3х4 (4 даана.);

- үчтөн кем эмес сунуштама каттар (мурдагы иштеген жеринен, жашаган жери боюнча кошуналардан, кесиптештеринен);

- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде балдары бар болсо) жана никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү (эгер никеде турса);

-ЖАМКда кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу.

Сынак үч баскычта өткөрүлөт:

– биринчи баскыч - дене тарбия даярдыгы боюнча номармативдерди тапшыруу;

– экинчи баскыч – тестирлөө;

- үчүнчү баскыч - конкурстун катышуучулары менен маектешүү.

Документтерди кабыл алуу Бишкек ш. Ибраимов көч. 106 дареги боюнча ЖАМКнын Кадр иштери боюнча башкармалыгында жүргүзүлөт: + 996 312 438460, + 996 312 438210.

 

ЖАТта кызмат өтөөгө келип жаткан жана ЖАТтын Окуу борборуна алгачкы даярдыктан өтүүгө жана бош кызмат орундарына дайындалууга конкурстук тандоодон өтүп жаткан талапкерлер үчүн физикалык даярдыктын нормативдери