Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары 

Ички кызматтын полковниги

ЖАПАРОВ РАХАТБЕК УСЕНБЕКОВИЧ

1971-жылдын 15-майында Кочкор районунун Кочкор айылында туулган

Билими жогорку, 1993-жылы "Автомобиль жолдорун куруу" адистиги боюнча Кыргыз архитектура-курулуш институтун,  2006-ж. "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1995-1995-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын өзүнчө ротасынын инспектору;

1995-1997-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн Жол-кайгуул кызматынын өзүнчө батальонунун инспектору;

1997-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн Жол-кайгуул кызматынын улук инспектору;

2000-2001-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Мамлекеттик автоинспекция тобунун мамлекеттик автоинспектору;  

2001-2003-жж. -  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын полкунун атайын адистештирилген взводунун командири;

05.2003-09.2003-ж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын полкунун командиринин  материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары;

2003-2007-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын Авточарбасынын башчысы; 

2007-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары; 

2008-2014-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Курулуш-монтаждык башкармалыгынын башчысы; 

01.2014-11.2014-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык башкармалыгынын “Джержинец” ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы;

2014-2015-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы; 

2015-2019-жж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы; 

2019-2020-жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы; 

16.10.2020-ж. тартып - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары.

Мамлекеттик мекемелер