ЖАМК кызматкерлери үчүн диний экстремизмге каршы иштин ыкмалары боюнча кесиптик тренинг жыйынтыкталды

 2025-жылдын 19–20-июнунда Бишкек шаарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн «Эркинен ажыратылган шарттардагы диний экстремизм: ыкчам, тарбиялык жана психологиялык иштин ыкмалары» темасында кесиптик тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулуп, ага ЖАМКнын төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, Германия, Франция жана Испания элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле ЖАМКнын ыкчам, тарбиялык жана психологиялык иштер боюнча кызматкерлери катышты.

Тренингдин негизги максаты — диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдар менен иш алып барган кызматкерлердин кесиптик билимин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле мекемелер аралык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга эркинен ажыратылган жайларда диний экстремизмдин түзүмү жана идеологиясы боюнча кеңири маалымат берилди. Диний терс багыттагы уюмдар жана башка радикалдык агымдардын ишмердүүлүгү талданды. Радикалдашууга каршы ыкчам иш-чараларды жүргүзүү, аны алдын алуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле динге байланышкан кылмыштардын мүнөзүн түшүнүү маселелери каралды.

Тренингде өзгөчө көңүл төмөнкү багыттарга бурулду:

  • Жаш курактагы жана биринчи жолу соттолгон, дин тутукан соттолгондор  менен иштөө ыкмалары;
  • Радикалдык көз караштагы соттолгондорду аныктоо жана алар менен системалуу иш алып баруу;
  • Теологдорду тартуу жана мультидисциплинардык командалардын ролунун эффективдүүлүгү;
  • Психодиагностика, психокоррекция жана кайра социалдаштыруу механизмдери.

 

Психологиялык бөлүктө катышуучуларга радикалдуу көз караштагы адамдар менен психодиагностика, психокоррекция жана кайра социалдаштыруу иштери боюнча маалыматтар берилди. Тренингде адамдын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана тынчтык жолу менен социалдык идентификациясын кайра калыптандыруу ыкмалары сунушталды.

Тренингде эксперттер катары ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын улук ыкчам кызматкери, теолог жана диний экстремизм боюнча эксперт Медер Карабаев, ошондой эле психиатр, психотерапевт, психология магистри Аида Парпиева чыгышты.

Тренингдин соңунда катышуучуларга атайын күбөлүктөр тапшырылып, иш-чаранын мааниси жогору бааланды. Уюштуруучулар мындай окутууларды мындан ары да улантуу зарылдыгын баса белгилешти.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82