Соттолгон аялдар кесипке ээ болуп, коомго кайтып келүүгө даярдык көрүшүүдө

Аламудун районундагы Степное айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдар абагында 127 соттолгон айым кесиптик билим алып, тийиштүү сертификаттарга ээ болушту. Бул ийгиликтүү жыйынтык - колониядагы кесиптик окуу жайынын ишинин натыйжасы.

Окууну аяктаган соттолгондор электромонтер, кийиз жана териден жасалган көркөм буюмдарды чыгаруу устасы, нан жана камыр азыктарын даярдоочу, тигүүчү, чач тарач сыяктуу бир катар практикалык кесиптерди өздөштүрүштү.

Бул билим берүү демилгеси – жазасын өтөп жаткан жарандардын коомго кайра интеграцияланышына көмөктөшүүнүн маанилүү бөлүгү. Теория менен практиканы айкалыштырган окуу процесси ар бир аялга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түздү.

Билим алуу – экинчи мүмкүнчүлүк. Көпчүлүк айымдар үчүн бул курстар жаңы жашоого башталган жол болду. Алар өз кесибин гана үйрөнбөстөн, жашоого болгон көз караштарын кайра карап чыгып, жеке өсүүгө жетишишти. Алынган көндүмдөр келечекте ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жаратат жана кайталап кылмыш жасоо коркунучун төмөндөтөт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү белгилегендей, мындай программалар – “Билим аркылуу жаңы башталышка” жол ачып, социалдашууга жана тагдырды өзгөртүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82