2025-жылдын 10-июнунда Чүй облусунун Москва районунда, Беловодское айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №16 мекемесинин заманбап форматтагы расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында: Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, Президенттик Администрациянын өкүлү Мирлан Апызов, жазык-аткаруу системасында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн прокуратура өкүлү Эмилбек Үркүнбаев, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбеков, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдрахманов. Ошондой эле ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев баштаган кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Өз сөзүндө Чыңгыз Кожошев жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын негизги максаттарынын бири катары коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, соттолгондорду кайра коомго интеграциялоону белгиледи. Ал мекеменин кайра курулушуна жигердүү катышкан кызматкерлердин аракетин жогору баалап, алардын кесипкөйлүгүнө жана берилгендигине терең ыраазычылык билдирди.
Мекеменин жалпы аянты 14,7 гектарды түзгөн мекеменин сыйымдуулугу 1400 адамга чейин жетет. Анын аймагында заманбап шарттагы жатаканалар, айып-изолятор, медициналык корпус, мончо-комплекс, сейилдөө аянтчалары, футбол талаасы, көзөмөл күзөттөр, өндүрүш цехтери жана башка социалдык-маданий инфраструктура толук курулуп жана жаңыланып, пайдаланууга берилди. Инженердик коммуникациялар: таза суу, саркынды суу, электр жана жылытуу системалары толугу менен жаңыртылып, видеокөзөмөл жана өрт коопсуздугу системалары орнотулду. Аймак толугу менен асфальт төшөлүп, тегерек чети жашылдандырылды. Ошондой эле өндүрүш аймактарында 300гө чейин жумушчу орун түзүү каралган, бул соттолгондорду жумушка тартуу аркылуу алардын социалдык реабилитациясына өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, мекеме алгач 1974-жылдын 20-майында пайдаланууга берилген. Көп жылдык эксплуатациядан кийин мекеме 2024–2025-жылдары мамлекеттик пилоттук долбоордун алкагында толугу менен кайра курулуп, жаңыртылды. Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери ЖАМКнын “Курулуп жаткан объекттердин дирекциясы” жана “Механизацияланган көчмө колонна” мамлекеттик ишканалары тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланды. Бүгүнкү күндө №16 мекеме жазык-аткаруу тутумундагы заманбап талаптарга жооп берген үлгүлүү түзүмдөрдүн бири болуп калды.
Мекеменин ишке берилиши жазасын өтөп жаткан жарандарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, аларды пайдалуу эмгекке тартууга, кайра тарбиялоого жана коомго толук кандуу кайтарууга багытталган. Бул түзүм жазык-аткаруу тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, адам укугун урматтаган жана натыйжалуу реабилитацияны көздөгөн маанилүү кадам болуп саналат.
Чуйская область
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
Исправительное учреждение №2 |
Аламудунский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
Исправительное учреждение №3 |
Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25 |
0(550)45-40-05 |
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 |
0312 29-72-21 |
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
Колония-поселения №32 |
г. Бишкек, ул. Деповская 78 |
0312 45-75-32 |
Колония-поселения №38 |
г. Кемин, ул. Набережная 1 |
0(3135)5-00-35 |
Колония-поселения №45 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120 |
0(3131) 5-12-71 |
Воспитательная колония №14 |
Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1 |
0312 45-36-24 |
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
Следственный изолятор №50 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 |
0312 45-39-82 |