Лига спорт залында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жана жаза аткаруу тутумунун ардагерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү.
Турнир «Омега» атайын багыттагы отрядынын мурдагы командири, и/к майору Керимбек Жолонбековдун жаркын элесине арналды.
Иш-чаранын ачылыш аземинде ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев мелдештин катышуучуларына кайрылып, курман болгон кесиптештерибизди ар дайым эскеребиз деп белгиледи. Түбөлүккө кеткендердин атына арналып куран окулду.
Футболдук таймашка ЖАКнын борбордук аппаратынын командасы, жаза аткаруу тутумунун ардагерлери, No1, 2, 3, 8, 14, 16, 19, 21, 23, 24, 27, 31, 50 мекемелеринин атынан чыккан командалар катышты.
Беттешүүнүн жыйынтыгында 1-орунду Omega атайын отрядынын командасы ээледи. Экинчи орунду ЖАКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, 3-орунга Нарын шаарындагы СИЗОнун кызматкерлеринин командасы ээ болду.
Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||