ЖАМКнын Окуу борборунда баштапкы кесиптик даярдоо курсу ийгиликтүү аяктады

 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунда жаңы кызматкерлер үчүн уюштурулган баштапкы кесиптик даярдоо курсу аяктады.

Аталган иш-чарада курс бүтүрүүчүлөрүнө расмий күбөлүктөр тапшырылып, салтанаттуу азем өттү. Иш-чарага ЖАМКнын төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев, Окуу борборунун мурдагы жетекчиси Болотбек Абдрахманов жана ЖАМКнын башка кызматкерлери катышышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Улан Жолдубаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ийгиликтерди каалап, мекенге ак ниет, таза кызмат кылуу – ар бир кызматкердин башкы милдети экенин баса белгиледи.

 Окуу курсу кызматтын укуктук негиздерин, кызматтык тартипти жана уюштурууну, соттолгондор менен иш алып барууну, ЖМК менен иштешүүнү жана психологиялык даярдыкты камтыды.

 Жалпысынан 47 улан-кыз курсун ийгиликтүү аяктап, жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөгө даяр экенин тастыкташты.

ЖАМКнын Окуу борбору жаңы кызматкерлердин кесипкөйлүгүн калыптандыруу менен, мекемелерде кызмат өтөөнүн сапатын арттырууга багытталган иштерди улантууда.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39