Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде “Өлбөс полк” аттуу эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин даңазалоо, тарыхый эс тутумду сактоо жана мекемедеги соттолгондор арасында мекенчилдик сезимди калыптандыруу болду.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө соттолгондор согушка катышкан ата-бабалардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, алардын жаркын элесине таазим кылышты. Ошондой эле Улуу Жеңиштин мааниси, согуш жылдарындагы элдин кайраттуулугу жана тынчтыктын баалуулугу тууралуу баяндамалар жасалды.
Мекеме жетекчилиги мындай тарбиялык жана патриоттук багыттагы иш-чаралар соттолгондордун аң-сезимин өнүктүрүүгө, коомдук баалуулуктарды урматтоого жана тарыхка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдиги эч качан унутулбасын белгилейт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||