Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Жеңиш күнүнө жана и/к полковниги Анвар Закировдун жаркын элесине арналган кызматкерлер арасындагы кичи-футбол боюнча үч күндүк мелдеш жыйынтыкталды.
Спорттук иш-чарага ЖАМКнын мекемелеринин кызматкерлери, ошондой эле Кайтаруу жана конвой департаментинин аскер кызматкерлери катышып, командалык духту, ынтымакты жана спорттук чеберчиликти көрсөтүштү.
Мелдештин ачылыш аземине ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, кызматтын ардагерлери Алибай Нишанбаев, Советбек Арбаев, Алишер Сабиров, Аскат Эгембердиев, ошондой эле маркум Анвар Закировдун үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер сөз сүйлөп, полковник Анвар Закировдун кызматтагы ак ниет эмгегин, мекенге болгон берилгендигин жана жаш кызматкерлер үчүн үлгү болгон адамдык сапаттарын эскеришти. Алар анын кесипкөйлүгү жана кызматка болгон жоопкерчиликтүү мамилеси ар дайым сыймык менен эскериле турганын белгилешти.
Үч күнгө созулган кызыктуу жана атаандаштык маанайдагы оюндардын жыйынтыгында төмөнкү командалар байгелүү орундарды камсыз кылышты:
1-орун — Күзөт жана конвой боюнча департаменти
2-орун — ЖАМКнын Борбордук аппараты
3-орун — №19 мекеме
Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор, кубоктор жана сыйлыктар тапшырылды.
Аталган спорттук иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, спортко болгон кызыгууну арттыруу, ошондой эле кызмат өтөөдө өзгөчөлөнгөн инсандардын жаркын элесин даңазалоо болуп саналат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||