Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бардык мекемелеринде “Энелер күнүнө” арналган маданий жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын негизги максаты — соттолгондордун жана тарбиялануучулардын үй-бүлөлөрү менен болгон социалдык жана моралдык байланыштарын чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, ошондой эле эненин коомдогу ордун жана тарбиядагы ролун даңазалоо болуп саналат.
Иш-чаралардын алкагында соттолгондордун жана тарбиялануучулардын энелери менен жолугушуулар уюштурулуп, аларга мекемелердин шарттары жана соттолгондордун эмгекке тартылган өндүрүш багыттары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле келген энелерге балдары менен жолугуп, баарлашууга жана биргеликте убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мекемелерде уюштурулган маданий программалардын жүрүшүндө энелерге арналган концерттик номерлер, каалоо-тилектер жана тарбиялык мазмундагы иш-чаралар көрсөтүлдү. Катышуучулар тарабынан мындай жолугушуулар соттолгондордун моралдык-психологиялык абалына оң таасирин тийгизип, алардын өз жүрүм-турумун кайрадан баалоосуна өбөлгө түзөрү белгиленди.
Өз кезегинде келген энелер мекеме жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар балдарына моралдык колдоо көрсөтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үй-бүлөлүк байланыштарды сактоо жана бекемдөө соттолгондорду кайра тарбиялоонун маанилүү багыттарынын бири болуп саналарын белгилейт. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылып, соттолгондордун коомго ийгиликтүү кайра аралашуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара эркектер кармалган мекемелерде биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ал эми аялдар жана жаш өспүрүмдөр кармалган мекемелерде бул демилге экинчи ирет уюштурулууда.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||