ЖАМК кызматкери Алмазбек Жоошбаев ардактуу эс алууга узатылды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ички кызматынын полковниги Алмазбек Жоошбаевди ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана пенитенциардык тутумду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери, ички кызматынын полковниги Алмазбек Жоошбаев ардактуу эс алууга узатылды.

Алмазбек Жоошбаев 1971-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Тогуз-Булак айылында туулган. 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун укук коргоо органдарында 1995-жылы баштап, жазык-аткаруу тутумуна 28 жылдык өмүрүн арнаган. Бул мезгил аралыгында пенитенциардык тутумда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап, өзүнүн кесипкөйлүгү, тактыгы жана ак ниет эмгеги менен айырмаланып келген. Акыркы жылдары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын “Борбордук базасынын” башчысы кызматын аркалап келди.

Кызмат өтөгөн мезгилде Алмазбек Жоошбаев өзүн жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтүп, кесиптештеринин арасында чоң урмат-сыйга ээ болду. Анын көп жылдык эмгеги, жаш кызматкерлерге берген тажрыйбасы жана кызматка болгон берилгендиги өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптештери ага чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалап, өлкөнүн жазык-аткаруу тутумуна кошкон татыктуу салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39