Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Панфилов районундагы К. Тилебаев атындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Панфилов районундагы К. Тилебаев атындагы мектеп-интернатында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарага ЖАМКнын Аялдар кеңешинин төрайымы, ички кызматтын полковниги Айгүл Каткельдиева, жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери жана мектеп-интернаттын тарбиялануучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө К. Тилебаев атындагы Панфилов мектеп-интернатына телевизор белекке тапшырылып, тарбиялануучуларга биринчи керектөөдөгү буюмдар берилди.

Кайрымдуулук акциясы балдарга социалдык колдоо көрсөтүүгө жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык маанай тартуулоого багытталды.

Тарбиялануучулар алдында сөз сүйлөп, ЖАМКнын жетекчилигинин атынан Айгүл Каткельдиева балдарды майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууда ийгиликтерди, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

 Ал балдардын укуктарын коргоонун, алардын ар тараптуу өнүгүүсү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү ЖАМКнын социалдык ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат жана өсүп келе жаткан муунда өзүнө болгон ишенимди, коом тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жана камкордукту сезүүгө өбөлгө түзөт.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39