Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 тарбия мекемесинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошев, атайын прокуратуранын өкүлдөрү, тарбия мекемесинде жаза өтөп жаткан өспүрүмдөрдүн ата-энелери жана жакын туугандары катышты.
Майрамдык кечеге ошондой эле Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акындары жана белгилүү артисттер келип, балдар үчүн атайын даярдалган концерттик программасын тартуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучу өспүрүмдөр өздөрү даярдаган концерттик номерлерди, сахналаштырылган көрүнүштөрдү жана ырларды ата-энелерине жана конокторго тартуулап, чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Өз сөзүндө ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев өспүрүмдөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, ар бир бала мамлекеттин келечеги экенин белгиледи. Ал жаштарды турмуштагы кыйынчылыктарга карабастан келечекке ишеним менен карап, билим алып, туура жолду тандоого чакырды.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, анын алкагында балдарга белектер тапшырылды
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||