2026-жылдын 11-июнунда Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №23 тергөө изоляторунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев, кызматтын ардагерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жаңы тергөө изоляторунун жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгаштыруу боюнча бекитилген Жол картасынын алкагында курулду. Объект 200 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 8100 чарчы метрди түзөт.
Кармалгандарды кармоонун талаптагыдай режимин камсыз кылуу жана кызмат өтөөнү уюштуруу максатында мекеме заманбап инженердик тармактар, коопсуздук системалары жана видеобайкоо каражаттары менен жабдылган. Имаратта камакта кармалган адамдар үчүн да, кызматкерлер үчүн да бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев жаңы объекттин пайдаланууга берилиши жазык-аткаруу тутумунун инфраструктурасын жаңылоодогу маанилүү этап экенин белгиледи.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан соттолгондорду жана камактагы адамдарды кармоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ЖАМК кызматкерлери үчүн заманбап кызмат өтөө шарттарын түзүү боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарында пенитенциардык тутумдун жаңы объекттери пайдаланууга берилип, бир катар мекемелер жаңы имараттарга көчүрүлгөн. Учурда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы объекттердин курулушу активдүү уланууда.
Ачылыш аземинин өзгөчө учурларынын бири катары мекеменин кызматкерлерине 23 кызматтык батирдин ачкычтары тапшырылды. Заманбап турак жай жаңы тергөө изоляорунун жанында курулуп, жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы кызматкерлердин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзүп, ЖАМКнын өздүк курамын социалдык жактан колдоонун кошумча чарасы болуп саналат.
Расмий бөлүктөн кийин коноктор үчүн тергөө изоляторунун аймагына таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, анын жүрүшүндө катышуучуларга комплекстин негизги объекттери, инженердик-техникалык чечимдери жана жаңы мекемедеги кармоо шарттары көрсөтүлдү.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||