Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинин кызматкери, ички кызматтын капитаны Алем Асанбаев спорттук мелдештерде ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү.
Атап айтканда, ал Ысык-Көл облусунда өткөн «Кыргызстан бермети» X эл аралык спорттук оюндарында сумо күрөшү боюнча абсолюттук салмак категориясында III орунду ээледи.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарындагы «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн Кыргыз Республикасынын сумо боюнча чемпионатында 77 килограмм салмак категориясында III орунду багындырды.
Мелдештин жыйынтыгы менен Алем Асанбаев Кыргыз Республикасынын сумо боюнча улуттук курама командасынын курамына кирип, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган абройлуу эл аралык «Шериктештик Кубогу» турниринин жолдомосуна ээ болду.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Алемди Асанбаев жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы спорттук мелдештерде жана кызматтык ишмердүүлүгүндө жаңы жеңиштерди каалайт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||