2026-жылдын 3–5-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын психологдору үчүн «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду (ФМТ) тарабынан колдоого алынган «Когнитивдик-жүрүм-турумдук терапия – экстремисттик жана террористтик уюмдарга тиешеси бар соттолгондорду реабилитациялоодогу маанилүү фактор» аттуу темадагы окутуунун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү.
Тренинг буга чейин түзүлгөн психологдордун фокус-тобу үчүн уюштурулуп, адистердин соттолгондорду психологиялык реабилитациялоо, коштоо жана кайрадан радикалдашуунун алдын алуу багытындагы практикалык көндүмдөрүн чыңдоого багытталды.
Иш-чаранын негизги максаты психологиялык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жаза өтөп жаткан соттолгондор менен иштөөдө когнитивдик-бихевиоралдык терапиянын ыкмаларын колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү болду.
Бул окутуу адистерди даярдоо программасынын төртүнчү жана жыйынтыктоочу этабы болуп саналат. Жыйынтыктоочу аттестациянын жүрүшүндө катышуучулар окуу процессинде алган теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн ийгиликтүү көрсөтүштү. Баалоонун жыйынтыгында:
3 психолог «эң жакшы» деген баа алышты;
5 психолог «жакшы» деген баа алышты;
2 психолог «канааттандырарлык» деген баа алышты.
Бардык катышуучулар окууну ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
Психологдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу соттолгондор менен жүргүзүлүүчү реабилитациялык иштердин натыйжалуулугун арттыруунун жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда экстремисттик идеологиянын жайылышынын алдын алуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
ЖАМК психологдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга көрсөткөн колдоосу үчүн «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондуна ыраазычылык билдирет жана мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним артат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||