Ысык-Көл облусунда экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эки күндүк тегерек стол жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунда экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик идеологиялардын таасирине кабылган жарандарды алдын алуу, реабилитациялоо жана кайра коомго интеграциялоо механизмдерин талкуулаган эки күндүк тегерек стол өз ишин жыйынтыктады.

Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Руслан Жээнбаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адамдык өлчөм боюнча департаментинин башчысы Кристофер Блэр, ошондой эле ЖАМКнын кызматкерлери катышты.

Пленардык жыйында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Өзгөчө экстремисттик идеологиялардын таасирине кабылган соттолгондорду теологиялык жана психологиялык реабилитациялоо, аларды кайра социалдаштыруу жана коомго интеграциялоо маселелерине көңүл бурулду.

Тегерек столдун алкагында төмөнкү темаларда баяндамалар жасалды:

— «Теологиялык реабилитация: негизги аспектилери жана көйгөйлөрү»;

— «Психологиялык реабилитация — соттолгондорду ийгиликтүү кайра социалдаштыруунун жана коомго интеграциялоонун маанилүү фактору»;

— «Экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттик органдардын кызматкерлерин теологиялык даярдоонун негизги маселелери»;

— «Аял-репатрианттарды социалдык адаптациялоо: “Мутакалим” уюмунун тажрыйбасы жана жыйынтыктары».

Мындан тышкары, ЖАМКнын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдөгү ишмердүүлүгү, бул багыттагы тажрыйбалар, көйгөйлүү жагдайлар, ошондой эле терроризм жана экстремизм багытындагы кылмыштар үчүн соттолгондор менен иш алып баруу маселелери кеңири талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунда экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондордун өзгөчөлүктөрү жана алар менен иштөөнүн заманбап методикалык ыкмалары каралды.

Иш-чаранын модератору Закир Чотаев болду. Ал эми эксперт катары «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» коомдук уюмунун өкүлү Ильхам Умарахунов, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Медер Карабаев жана башка адистер катышты.

Тегерек столдун катышуучулары талкууларга активдүү катышып, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, экстремизмге каршы аракеттенүү багытындагы кызматтын ишин өркүндөтүү жана соттолгондорду реабилитациялоо менен кайра коомго интеграциялоонун комплекстүү программасын иштеп чыгуу боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39