ЖАМКда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ыкчам-кызматтык жана финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү.

Жыйын ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн тескөөчүсү Мирланбек Апызов, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын прокурорунун орун басары Алмаз Нышанов, ошондой эле ЖАМКнын коллегиясынын мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана ишканаларынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө 2026-жылдын алты айындагы ыкчам-кызматтык жана финансы-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары талданып, жаза аткаруу системасындагы негизги көрсөткүчтөр, жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер каралды. Ошондой эле мекемелерде өндүрүш аймактарын кеңейтүү, соттолгондорду эмгекке тартуу, кызматкерлердин кызматтык тартиби жана кесиптик даярдыгы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндамалар угулду.

Жыйындын жүрүшүндө ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев жаза аткаруу мекемелеринде жашы жете элек тарбиялануучулардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Балдар — мамлекеттин келечеги. Кандай гана шартта болбосун алардын билим алуусуна, тарбиясына жана келечекте коомдун татыктуу мүчөсү болуп калыптанышына бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек. Билим – алардын жаңы жашоого жол ачкан эң негизги курал», — деп белгиледи төрага.

Мындан тышкары, ал соттолгондорду эмгек менен камсыз кылуу ишин мындан ары да күчөтүү маанилүү экенине токтолду. Анын айтымында, өндүрүш тармактарын өнүктүрүү аркылуу соттолгондор кесипке ээ болуп, мыйзамдуу эмгек менен киреше табууга, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүгө жана жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин коомго ийгиликтүү кайра аралашууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Эмгек — адамды өзгөрткөн эң күчтүү тарбиялык каражаттардын бири. Ар бир соттолгон белгилүү бир кесипти өздөштүрүп чыкса, бул анын жаңы жашоону баштоосуна, үй-бүлөсүнө пайда алып келүүсүнө жана кылмыштуулуктун кайталанышына жол бербөөгө чоң өбөлгө түзөт», — деди Чыңгыз Кожошев.

Коллегиянын жыйынтыгында жетекчилик тарабынан бардык түзүмдүк бөлүмдөргө жана мекемелерге белгиленген милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу, мыйзамдуулукту бекем сактоо, кызматтык тартипти чыңдоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана эмгекке тартуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39