Кесипке карай кадам: «Официант-бариста» адистиги боюнча соттолгондорго сертификаттар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 мекемесинин алдындагы №4 кесиптик-техникалык окуу жайында 5 айлык окуу программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Окууну аяктаган соттолгондорго «Тигүүчү» жана «Официант-бариста» адистиктери боюнча кесиптик сертификаттар ыйгарылды. Жалпысынан 35 соттолгон «Официант-бариста» адистиги боюнча билим алып, окууну ийгиликтүү аяктаса, «Тигүүчү» адистиги боюнча 26 соттолгон окуудан өттү.

Аталган кесиптик билим берүү программалары соттолгондордун эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, аларды коомго кайра ийгиликтүү адаптациялоого жана келечекте эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптандырууга багытталган.

Азыркы учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында соттолгондор үчүн 23 багыт боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 2025–2026-окуу жылынын башында ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринде жалпы 722 соттолгон кесиптик окууга кабыл алынып, окуу мөөнөтү кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 5 айдан 10 айга чейин уланууда.

Бүгүнкү күндө ЖАМКнын №1, №2, №8, №10, №16 жана №27 мекемелеринде жайгашкан 6 кесиптик окуу жайында жана алардын филиалдарында соттолгондор эмгек рыногунда талап кылынган 15 кесип боюнча билим алышууда. Жалпы эсеп менен 681 соттолгон кесиптик окуудан өтүп жатат.

ЖАМК мындан ары да соттолгондорду кесиптик жактан окутуу, алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомго ийгиликтүү кайтаруу боюнча иштерди системалуу түрдө улантат.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39