2026-жылдын 3-июлунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Борбордук аппаратынын жыйындар залында медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында ЖАМКнын мекемелериндеги соттолгон жана айыпталуучуларга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелери, ошондой эле атайын контингенттин ден соолугун коргоо багытындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чарага ЖАМКнын биринчи төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун, эл аралык жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖАМКнын медициналык кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ЖАМКнын биринчи төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев куттуктоо сөз сүйлөп, медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө пенитенциардык тутумдагы медицина кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана адамгерчиликти талап кыларын белгиледи.
“Сиздердин күнүмдүк түйшүктүү эмгегиңиздер соттолгон жана айыпталуучулардын ден соолугун сактоодо, оорулардын алдын алууда жана медициналык жардам көрсөтүүдө чоң мааниге ээ. Кандай гана шарт болбосун, өз милдетиңиздерди ак ниеттүүлүк менен аткарып келатасыздар. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем”, — деди Нурлан Сарчаев.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында ЖАМКнын төрагасынын “Сыйлоо жөнүндө” буйругу жарыяланып, бир катар медицина кызматкерлери ак ниет эмгеги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты.
Жыйындын жүрүшүндө ЖАМК мекемелериндеги терапиялык кызматтын абалы, наркологиялык жардамды уюштуруу, АИВ-инфекциясынын алдын алуу, кургак учукка каршы жардам көрсөтүү жана “Госпиталь жана поликлиника” дарылоо мекемесинин ишмердүүлүгү боюнча презентациялар сунушталды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, пенитенциардык саламаттык сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдиришти.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||