ЖАМКнын №8 мекемесинде соттолгондорго алгачкы жолу «Элкарт» банктык карталары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде эмгекке тартылган соттолгондорго улуттук «Элкарт» төлөм системасынын банктык карталары тапшырылды. Карталар ОАО «Бай-Тушум Банк» тарабынан мекеменин аймагында банк кызматкерлеринин катышуусунда берилди.

Бул демилге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен ОАО «Бай-Тушум Банк» ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып, жаза аткаруу тутумуна заманбап финансылык механизмдерди киргизүүгө багытталган. Долбоордун алкагында эмгек менен камсыз болгон ар бир соттолгонго банктык эсеп ачылып, мындан ары алардын эмгек акысы түздөн-түз ошол эсепке которулат.

Бул долбоор соттолгондордун үй-бүлөлөрү үчүн да маанилүү. Банктык карталар аркылуу эмгек акы мыйзам чегинде пайдаланылып, жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан колдонулушу мүмкүн. Бул алардын үй-бүлөлүк байланыштарын сактоого жана жакындарын материалдык жактан колдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Эмгек менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана заманбап финансылык кызматтарды киргизүү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу соттолгондордун кайра социалдашуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга, алардын эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана боштондукка чыккандан кийин мыйзамды сыйлаган, коомго ийгиликтүү аралашкан жаран катары жашоого даярдоого өбөлгө түзөт.

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39