Көргөзмөгө бардык каалоочулар катыша алышат. Кирүү акысыз.

2026-жылдын 24-июлунда саат 11:00дө Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Дубовый паркта жайгашкан С.А. Чүйков атындагы арт-галереяда «Жан дүйнө жаңырыгы» аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 17-главасынын 109 жана 110-беренелерине ылайык уюштурулууда. Аталган беренелерге ылайык, жазаларды аткаруу мекемелеринин негизги милдеттеринин бири – соттолгондорду оңдоо максатында тарбиялык иштерди жүргүзүү, алардын маданий деңгээлин жогорулатуу жана бош убактысын мазмундуу, пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү болуп саналат.

Экспозицияда ЖАМКнын №19 мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан Аоексей Абдрашитовдун  көркөм сүрөт эмгектери сунушталат.

Бул көргөзмө соттолгондорду кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулуп, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Ошондой эле чыгармачылык адамдын ички дүйнөсүн ачууга, руханий жактан өсүүсүнө жана коомго оң көз караш менен кайтууга өбөлгө боло аларын көрсөтүүнү максат кылат.

Мындан тышкары, иш-чара жазаларды аткаруу системасында жүргүзүлүп жаткан тарбиялык жана ресоциализациялык иштер тууралуу коомчулукту кеңири маалымдоого, ошондой эле жарандык коом менен кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Көргөзмөгө бардык каалоочулар катыша алышат. Кирүү акысыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор сүрөттөр менен таанышып гана тим болбостон, өзүнө жаккан эмгектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат.

Өткөрүлүү күнү: 2026-жылдын 24-июлу
Убактысы: 11:00
Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78а, Ч. Айтматов атындагы Дубовый парк, С.А. Чүйков атындагы арт-галерея.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүн, жарандык коомдун институттарын, ошондой эле борбор калаанын тургундарын жана конокторун «Жан дүйнө жаңырыгы» көргөзмөсүнө катышууга чакырабыз.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39