ЖАМКда Н.А. Щёлоков атындагы Санкт-Петербург милиция академиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев менен Н.А. Щёлоков атындагы Санкт-Петербург милиция академиясынын директору, Эл аралык полиция ассоциациясынын Россиялык секциясынын вице-президенти, полициянын генерал-майору Олег Ярухиндин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу жана жаза аткаруу тутумун өркүндөтүүнүн заманбап багыттары боюнча пикир алышты.

Өз сөзүндө Нурлан Сарчаев мындай жолугушуулар өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, алдыңкы тажрыйбаларды өз ара бөлүшүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумуна натыйжалуу иш ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал ЖАМКда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, алар пенитенциардык тутумду модернизациялоого, соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жана алардын кайра коомго ийгиликтүү аралашуусуна багытталганын белгиледи. Өзгөчө көңүл соттолгондорду эмгекке тартуу аркылуу түзөтүү жана коомго кайра кошулууга  маанилүү куралы катары эмгек терапиясын өнүктүрүүгө бурулганын айтты.

Мындан тышкары, ЖАМКнын мекемелеринде жаңы өндүрүштүк участокторду ишке киргизүү, өндүрүш тармагын кеңейтүү, соттолгондорду кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана алардын социалдык адаптациясына багытталган долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде Олег Ярухин ЖАМКда жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берип, жазык-аткаруу тутумун ырааттуу реформалоо жана соттолгондорду кайра социалдаштыруу багытына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал жылуу кабыл алуу жана ачык диалог үчүн ЖАМКнын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу багытында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын пенитенциардык мекемелеринин ортосундагы кесиптик кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өз ара байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Иш-чаранын соңунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн катышуучуларга эстелик медалдар жана белектер тапшырылды.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39