18-июль — Эл аралык Нельсон Мандела күнүнө карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бардык мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн маалыматтык-тарбиялык, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө соттолгондор спорттук мелдештерге катышып, сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты. Ошондой эле Нельсон Манделанын өмүр жолу, анын адам укуктарын коргоо, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн жүргүзгөн күрөшү тууралуу баяндамалар жасалып, анын дүйнөлүк коомчулук үчүн калтырган мурасы тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаралардын негизги максаты — соттолгондорду моралдык жактан колдоо, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана коомго ийгиликтүү кайра интеграциялануусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Эл аралык Нельсон Мандела күнү жыл сайын 18-июлда дүйнө жүзүндө белгиленип, эркинен ажыратылган адамдардын адамдык кадыр-баркын урматтоо, алардын укуктарын камсыз кылуу жана түзөтүү мекемелеринде гумандуу мамилени өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан бардык мекемелерде уюштурулган мындай тарбиялык, маданий жана спорттук иш-чаралар соттолгондордун оң өзгөрүүсүнө, жоопкерчилик сезиминин калыптанышына жана алардын коомго мыйзамды сыйлаган, пайдалуу жаран катары кайтып келишине өбөлгө түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||