2026-жылдын 15–20-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Борбордук аппаратында Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын бекитилген иш-планына ылайык кызматкерлер үчүн топтук психологиялык тренингдер өткөрүлдү.
Иш-чаралардын негизги максаты – кызматкерлердин эмоционалдык чарчоосунун алдын алуу, стресске туруктуулугун жогорулатуу, эмоционалдык чыңалууну азайтуу жана психологиялык бакубаттуулугун сактоо болду.
Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар эмоционалдык абалын жөнгө салуу, кызматтык ишмердүүлүк учурунда жаралган стресстик кырдаалдарды натыйжалуу жеңүү жана психологиялык чыңалууну басаңдатуу боюнча практикалык ыкмалар менен таанышышты.
Мындан тышкары, өздүк курам үчүн кызматка болгон мотивацияны жогорулатууга, жамаат ичиндеги өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана чыр-чатактарды алдын алууга багытталган психологиялык ролдук оюндар уюштурулду.
Тренингдердин негизги багыты кызматкерлердин эмоционалдык өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, жамааттын ынтымагын чыңдоого жана жагымдуу психологиялык атмосфераны түзүүгө багытталды. Анын жыйынтыгында катышуучулар күнүмдүк кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалуу боло турган жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин психологиялык ден соолугун чыңдоого, кесиптик туруктуулугун арттырууга жана кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруусуна өбөлгө түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||