Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун ардагери, отставкадагы ички кызматтын подполковниги Музукеев Каныбек мезгилсиз 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун ардагери, отставкадагы ички кызматтын подполковниги Музукеев Каныбек мезгилсиз 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

 

Каныбек Музукеев 1949-жылдын 15-майында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. 1969-жылы Фрунзе шаарындагы Машина курулуш техникумунун “инженер-техник”, 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

 

Эмгек жолунда 1968-жылы Фрунзе шаарындагы В.И.Ленин атындагы заводдун фрезерчиси:

1969-1973-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМдин ОП №36/7 эмгек түзөтүү мекемесинин (УИТУ) коопсуздук инженери:

1973-жылы Жумгал МСОнун диспетчери:

1973-1974-жылдары ССРдин Куралдуу күчтөрүнүн жоокери:

1974-1975-жылдары Жумгал МСОнун мастери:

1975-1976-жылдары Фрунзе шаарындагы В.И.Ленин атындагы заводдун мастери:

1976-1979-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМнин ОП №36/7 эмгек түзөтүү мекемесинин (УИТУ) техникалык көзөмөл боюнча мастери:

1979-1981-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМнин №7 эмгек түзөтүү мекемесинин  (УИТУ-ИТК) өндүрүштүк-техникалык тобунун улук инженери:

1981-1990-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМнин №7 эмгек түзөтүү мекемесинин  (УИТУ-ИТК) отряд башчысы:

1990-1991-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМнин №7 эмгек түзөтүү мекемесинин  (УИТУ-ИТК)  саясий бөлүмүнүн башчысы-ошондой эле орун басары:

1991-2001-жылдары КРнын ИИМнин эмгек түзөтүү мекемелер башкармалыгынын (УИД) ОП № 36/24 мекеме башчысы:

2001-жылы КРнын ИИМдин ЖАББнын ыкчам-режимдик бөлүмүнүн башчысы:

2001-2002-жылдары КРнын ИИМдин ЖАББнын ыкчам бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү:

2002-2007-жылдары КРнын Юстиция министрлигинин ЖАББнын № 4 тергөө изоляторунун башчысы;

2007-жылы пенсия курагына жеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулган.

 

Каныбек Музукеев өзүнүн ак ниет эмгеги, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана кесипкөйлүгү менен кесиптештеринин арасында терең урмат-сыйга ээ болгон. Ал жаш кызматкерлер үчүн тажрыйбалуу насаатчы болуп, жазык-аткаруу тутумунун өнүгүшүнө жана кадрларды тарбиялоого татыктуу салым кошкон.

 

Каныбек Музукеевдин жаркын элеси жана көп жылдык ак эмгеги аны менен чогуу иштеген кесиптештеринин жана жалпы жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мамлекеттик кызматынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө, туугандарына жана бардык жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39