Бүгүн Россия Федерациясынын Жаза аткаруу федералдык кызматынын базасында КМШ катышуучу мамлекеттеринин пенитенциардык мекемелеринде кармалып жаткан адамдардын арасында Эл аралык шахмат турнири өтүүдө. Турнир «Россиянын шахмат федерациясы» жалпыроссиялык коомдук уюмунун методикалык жана техникалык колдоосу менен ChessOpen.ru интернет-аянтчасында өткөрүлүүдө.
Мелдештин максаттары жана милдеттери: КМШ катышуучу мамлекеттердин пенитенциардык ведомстволорунун ортосундагы эл аралык кызматтештикти өнүктүрүү.
Интеллектуалдык спорт түрлөрүн жайылтуу. Соттолгондордун социалдык жактан пайдалуу байланыштарын бекемдөө, алардын жеке өнүгүүсү жана бошотулгандан кийин коомго ийгиликтүү ресоциализациялоого жана интеграциялоого даярдоо.
Турнирге беш мамлекеттин жаза аткаруу кызматынын командалары катышууда:
Армения Республикасынын;
Беларусь Республикасынын;
Казакстан Республикасынын;
Кыргыз Республикасынын;
Россия Федерациясынын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы атайын контингенттин эл аралык онлайн-турнирлерге — анын ичинде «Азия Кубогу» континенталдык чемпионатынын жана соттолгондор арасындагы континенттер аралык онлайн-чемпионаттын катышуусун жыл сайын камсыз кылып келет.
Мындай иш-чаралар тарбиялык иштин натыйжалуу куралы болуп саналат. Шахмат ойноо логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүүнү, тартипти, чыдамкайлыкты, кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти жана конструктивдүү баарлашуу көндүмдөрүн өстүрөт. Алар өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон мотивацияны жогорулатат жана мыйзамга баш ийген жүрүм-турумду калыптандырат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||