Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата «Кыргызстандын теңир-тоо каласында, кызматыбыз Мекенге, күч бирдикте!» урааны алдында кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Спорттук иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү менен бирге кызматтык жамааттардын ынтымагын, биримдигин жана командалык духун бекемдөө болду.
Мелдешке ЖАМКнын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн түзүлгөн жалпы 18 курама команда катышып, жеңиш үчүн күч сынашты. Командалар жогорку даярдыкты, чеберчиликти жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп, оюндар кызыктуу жана атаандаштык маанайда өттү.
Мелдештин жыйынтыгында:
I орун – Кайтаруу жана конвой департаменти;
II орун – №31 мекеме;
III орун – №8 мекеме.
Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
«Мыкты дарбазачы» – №31 мекеменин ички кызматтын капитаны Дайырбеков Айдар;
«Мыкты коргоочу» – №8 мекеменин ички кызматтын улук сержанты Ашыракманов Руслан;
«Мыкты чабуулчу» – Кайтаруу жана конвой департаментинин ички кызматтын кенже лейтенанты Амангелдиев Жанболот.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар акчалай сыйлык, диплом жана медалдар менен сыйланышты.
Мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин өз ара ынтымакты, кызматтык биримдикти жана мекенчилдик духту чыңдоого өбөлгө түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||