ЖАМКнын №14 мекемесиндеги жашы жете элек тарбиялануучулар үчүн “Абдыш-Ата” футболдук клубунун өкүлдөрү мастер-класс өткөрүштү

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы №313 Жарлыгы менен бекитилген Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле сергек жашоо образын, дене тарбияны жана футбол спортун жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын демилгеси менен ЖАМКнын №14 мекемесинде маданий-спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ысык-Ата районундагы Абдыш-Ата футболдук клубунун университеттик командасынын 5 оюнчусу жана 2 машыктыруучусу катышып, мекеменин тарбиялануучулары үчүн футбол боюнча чеберчилик сабагын (мастер-класс) жана мотивациялык жолугушууну өткөрүштү.

Мастер-класстын жүрүшүндө клубдун өкүлдөрү футбол оюнунун негизги техникалык ыкмаларын көрсөтүп, топ менен иштөө, пас берүү, жана командалык аракеттер боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Катышуучулар белгилүү футболчулар менен түздөн-түз баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мотивациялык жолугушууда спортчулар өздөрүнүн ийгиликке жетүү жолун, тартиптин, үзгүлтүксүз машыгуунун жана сергек жашоо образынын мааниси тууралуу айтып беришти. Алар спорт адамдын мүнөзүн калыптандырып, жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана алдыга умтулууну бекемдей турганын белгилешти.

Мындай иш-чаралар жашы жете элек тарбиялануучулардын дене тарбияга болгон кызыгуусун арттырууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана коомго ийгиликтүү социалдаштырууга багытталган тарбиялык иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мындан ары да коомдук уюмдар жана спорттук мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүп, тарбиялануучулардын руханий жана дене тарбиялык өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды уюштурууну улантат.

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39