2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Балдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү: өнүгүү жана келечек» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете элек тарбиялануучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, алардын инсандык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле позитивдүү баарлашуу жана социалдык адаптация үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Айчүрөк Назаралиева, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Мадина Салаидинова катышты.
Тарбиялануучулар үчүн интеллектуалдык-танымдык КВИЗ оюну уюштурулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар тематикалык тапшырмаларды аткарып, балдардын укуктары, билим алуу, инсандык өнүгүү боюнча суроолорго жооп беришти жана командалык форматта өз ара аракеттеништи. Мындай иш-чаралар логикалык ой жүгүртүүнү, өзүнө болгон ишенимди жана жамаатта иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын өзгөчө маанайын тарбиялануучулардын чыгармачылык өнөрлөрү арттырды — алар энелик мээрим, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана ата-энеге болгон урмат-сый тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, ыр саптарын көркөм окуп беришти.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында коноктор жашы жете элек тарбиялануучулардын кармоо шарттары, алардын турмуш-тиричилиги, билим алуусу жана эс алуусунун уюштурулушу менен таанышып, мекеменин тергөө абагын да көрүп чыгышты. Мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жашы жете электердин укуктарын камсыз кылуу, аларды социалдык адаптациялоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуунун соңунда уюштуруучулар мекемеге тарбиялануучулардын эс алуусун жана спорт менен машыгуусун уюштурууга арналган спорттук шаймандарды жана керектүү буюмдарды тапшырышты.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||