Бүгүн Бишкекте мыйзамдуулукту, адам укуктарын коргоону, аялдардын ролун талкуулоого багытталган «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» темасынын контекстинде «укук тартиби жана адам укуктары» деген темада семинар өтүп, укук коргоо органдарында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөш боюнча талкуу болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Константин Бедарев, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Каткелдиева, жана ошондой эле Кыргызстандын башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.
Айгүл Каткелдиева «Аялдар кеңешинин ЖАКтагы аялдардын абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттери» деген темадагы докладында ЖАКтын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн колдоодо, ошондой эле социалдык милдеттерди ишке ашырууда Аялдар кеңешинин ролу жана маданий демилгелери зор экендигин баса белгиледи.
Аялдар кеңешинин негизги ишмердүүлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аялдардын укуктарынжана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- жазык-аткаруу тутумунун (ЖАТ) кесиптик, социалдык жана маданий турмушунда аялдардын ролун жогорулатуу.
Мындан тышкары, аялдар кеңеши аял кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык, руханий жана адеп-ахлактык керектөөлөрүн канааттандырууга, коллективдерде моралдык-психологиялык климатты сактоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле маданий, спорттук жана кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу менен алектенет.
Кызматкер аялдарды, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн социалдык-укуктук жактан коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Жыл сайын Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө жана Майыптар күнүнө карата кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп, жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернаттарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп келет
Айгүл Каткелдиева ошондой эле соттолгондорду түзөтүү, социалдаштыруу жана бошотуу процессинде аялдар негизги ролду ойноорун белгиледи. Соттолгондордун аял кызматкерлерге болгон ишениминин жогорку деңгээли аларды ЖАКтын мекемелеринде психолог жана социалдык кызматкерлер катары кайталангыс аткарышат.
Иш-чара гендердик тең салмактуулукту чыңдоо жана аялдардын укук тармагындагы укуктарын кеңейтүү боюнча сунуштарды талкуулоо менен аяктады
Чуйская область
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
Исправительное учреждение №2 |
Аламудунский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
Исправительное учреждение №3 |
Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25 |
0(550)45-40-05 |
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 |
0312 29-72-21 |
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
Колония-поселения №32 |
г. Бишкек, ул. Деповская 78 |
0312 45-75-32 |
Колония-поселения №38 |
г. Кемин, ул. Набережная 1 |
0(3135)5-00-35 |
Колония-поселения №45 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120 |
0(3131) 5-12-71 |
Воспитательная колония №14 |
Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1 |
0312 45-36-24 |
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
Следственный изолятор №50 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 |
0312 45-39-82 |