ЖАКта Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

      Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында (ЖАК) Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Сапардын максаты - укуктук жана пенитенциардык маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

       Япониялык делегацияны Япониянын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Рета Татемото жетектеп келди. Делегациянын курамында профессор Каздуаки Такахаши, эксперт Рэй Шимадири жана Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Харуки Ватанабе да болду.

         ЖАК тараптан конокторду ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгынын (МТБББ) башчысы Сергей Шушаков жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Абдимиталиб Шаипов катышты.

            Баштапкы  сөзүндө Кемел Садыков, конокторду Жактын ишмердүүлүгү, реформанын негизги багыттары жана акыркы жылдардагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Ал Кыргызстандын жаза аткаруу системасында соттолгондордун шарттарын жакшыртууга, алардын укуктарын коргоого, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүүгө жана пенитенциардык инфраструктураны модернизациялоого багытталган реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

         Сөз кезегинде жылуу Жапон тарап кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Рета Татемото белгилегендей, сот тармагындагы биргелешкен изилдөөлөргө даярдыктын бир бөлүгү экекндигин жана бул сапар келерки жылы Японияда өткөрүлүшү пландалган айтып өттү.

Ошондой эле коноктор мекемелердин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп турган ЖАКтын мониторинг жана талдоо борборуна барышты. Делегация борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана 2025-2028-жылдарга санариптештирүү планынын алкагында ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация процесстери менен таанышты. МТБББдан тышкары коноктор ЖАКтын музейине экскурсия жасашты.

Белгилей кетсек, буга чейин эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, 2025-жылы өз ара байланыштарды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн КР Юстиция министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн Японияга иш сапары белгиленген.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82